Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

2008-жыл Орусия үчүн акыркы 10 жылдагы өйдөлөөнүн жылы болуп калды. Мунайдын баасы өсүп жатты, өлкөнүн тышкы саясаты катаң бойдон калды. Бирок акыркы жылдары ити чөп жеп келген өлкөнүн глобалдык кризистин айынан бели майыша баштаганы айгине болууда. Бул Орусиянын ички жана тышкы саясатына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Орусия эми жаңыдан барчылык турмушка кадам таштаганда башталган күтүлбөгөн кыйроонун эң көрүнүктүү белгиси курулуштардын дымып, токтошу болуп калды. 2003-жылы башталган Москвадагы Федерация мунарасы план боюнча келерки жылы бүтмөк, бирок Европадагы эң бийик имарат болуп калат деп күтүлгөн бул мунаранын курулушу каражаттын тартыштыгынан токтоп калды. Муну Москвадагы Глобализацияны изилдөө институтунун директору Михаил Длягин Орусияда бир доордун бүтүшү деп мүнөздөдү:

– Жакырчылык өкүм сүргөн 1990-жылдары биз Христос Куткаруучунун чиркөөсүн курганбыз. Бул - ошол мезгилдин символу болуп калган. Федерация мунарасы - Путиндик Россиянын символу эле. Анын курулушунун токтошу да өзүнчө белги. Ал - Путиндик Россиянын доору аяктап жаткандыгын далилдейт.

Чынында да Орусиянын экономикалык кыйроосун Путиндин саясий күч-кубатына урулган сокку деп кароо мүмкүн. Канткен менен ал эл сүймөнчүгүнө дал ушул барчылык турмуштун аркасы менен ээ болгон эмеспи. Турмуш начарласа, премьердин беделине дароо эле шек келет деп эскертет Эл аралык Кризистик топтун эксперти Пол Кин Жадж:

– Путин Батышка, айрыкча Кошмо Штаттарына абдан нааразы, экономикалык кризиске өзүнүн эч кандай тийешеси жоктон бетер, АКШны күнөөлөп келет. Путин дагы деле жалаң идеологиянын жетелендисинде жүрөт, турмуш зарылчылыгына жараша чапчаң болуш керек экенине ынана элек. Анын саясатындагы калпыстыктар оркоюп чыккан сайын, өзүнүн айланасынан кимдир бирөөлөр ага ачууңузду бир аз тыйыңыз деп чыкса, дал ошондо кызык болот.

Экономикалык акыбал улам начарлап жаткан ноябрдын башында президент Медведев президенттин бийлик мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартуу боюнча конституциялык реформа сунушу менен чыкты. Бул планды Путиндин кайра президенттикке кайтып келишине жол ачуунун амалы деп санашат.

Жакынкы жылдары Путин менен тең-тайлаша ала турган күчтүү талапкердин чыгаары күмөн. Ошол эле убакта экономиканын артка кетенчиктеши Путинди өз популярдуулугунун өзөгүн түзгөн өкүмчүл тышкы саясатын жумшартууга мажбурлайт болуш керек. Ансыз деле ал Медведев экөө тең АКШда жаңы шайланган президент Обаманын бийлиги тушунда Кошмо Штаттары менен алакаларын кайра карап чыгууга ыклас экендигинин ишааратын кыла башташты. Вашингтондогу Стратегиялык жана Эл аралык Изилдөөлөр борборунда Орусия жана Евразия программасын жетектеген Эндрю Кучинстин пикиринде, Обаманын шайланышы жана экономикалык кризис бир катар өзгөрүүлөргө алып келет:

– Акыркы 1-2 жылда орустар өзүн шер ойлоп, Кошмо Штаттарын деле катарга кошпой калышкан. Азыркы экономикалык кризис канчага созулаарын биз айта албайбыз, бирок ал орустарды структуралык кайра куруу планына кайтып келүүгө жана тышкы саясатындагы айрыкча аша чапкан алабармандыгын пастатууга мажбурлайт болуш керек.

Кучинстин сөзү боюнча, мындай жумшаруу ядролук коопсуздук маселесин алга жылдырууга да жагымдуу шарт түзмөкчү.
XS
SM
MD
LG