Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Иракта Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жоон тобу кармалды


Ирактык расмий өкүлдөрдүн айтымында, камакка алынган 20дан ашуун кызматкер мурдагы президент Саддам Хусеиндин Баас партиясын кайра түзүүгө аракеттенгени үчүн айыпталууда. Министрликтин маалымат катчысы генерал-майор Абдул Карим Халафтын билдиргенине караганда, 23 адам акыркы бир нече күндүн аралыгында камакка алынган, алар "аль-Адва" деген топко катышы бардыгы үчүн шектелүүдө. Камактагы офицерлер юстиция мекемесинин байкоосу астында суракка алынууда. Министрликтин дагы бир жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, камактагылар өзүлөрүнө каршы далилдерди жок кылуу үчүн министрликтин кеңсесин өрттөөнү көздөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG