Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Медиа уюмдар “Азаттыктын” айланасындагы маселеге кабатыр


“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана Медиа институту өкүлчүлүгү билдирүү таратып, анда Кыргызстандагы “Азаттык” үналгысынын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан кысымга кабатырланып, сүйлөшүү жолу менен ымалага келип, “Азаттыкка” УТРКнын жыштыгынан чыгууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган. Ошондой эле электрондук ММКга дагы кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, адам укуктары боюнча милдеттенмелерди сактоого үндөгөн. Буга чейин “Азаттык” үналгысынын УТРКнын 2-каналынан чыкпай калышына, “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” теле берүүлөрүнүн токтотулушуна нааразы болушуп “Акыйкат үчүн” кыймылы, СДП фракциясы жана эл аралык уюмдар билдирүү таратышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG