Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Чеченстан менен Ингушетия алакасы курчуй турган абалга жеткени жергиликтүү башкаруу органдарынын мыйзамын кабыл алуу маалында байкалган. Андай жагдай Чеченстандын танапташ республикадагы компанияларды өзүнө кошуу талабынан улам жаралганын серепчи Лиз Фуллер (Liz Fuller) жазат.

Андай талап кийинки бир нече жылдан бери улам кайра көтөрүлүп келатканы дайын болууда. 2009-жылы өтөрү күтүлүп жаткан жергиликтүү органдарды шайлоолорго дейре эки жумурият арасындагы административдик чекти чийип, бекитүүнү ылдамдатуу талабы коюлган. Андай талапты ингуштар четке кагыштууда. Алар, эгерде чек араны Чечен-Ингуш Автономдуу облу болуу үчүн 1934-жылы январда бөлгөндөй абалга алып келгенде, анда азыркы Чеченстанга жерибизди тарттырып ийген болобуз дешет.

Regnum маалымат агенттигинин жазганына караганда, 24-ноябрда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ингушетия менен Чеченстандын жергиликтүү башкаруу уюмдары боюнча мыйзамга кол койгон. Ал мыйзам негизинде 2010-жылдын 1-январына дейре бул жумурияттарда жергиликтүү органдар уюшулууга тийиш.

Ошол каскак болгондой Грозный менен Назран ортосунда тымызын кармаш тышына чыккандай дешет. Чеченстан жетекчилиги тараптан компаниялардын биригишин талап кылуу 2002-жылы Ингушетияга Мурат Зязиков жетекчи болуп келгенде башталган экен. Бирок Ингушетиянын президенти андай сунушту дайыма четке кагып келгени дайын болот. Ошондой сунуштардын биринде, маселен, “Түндүк Кавказды ырааттуулукка алып келүү үчүн” деген шылтоо менен эки жумуриятты бириктирүү да кеби козголуптур.

Ал эми Чеченстан парламентинин төрагасы Дукваха Абдурахманов 2006-жылы апрел айында Кавказдын түндүк крайын уюштуруп, ага Чеченстан менен Ингушетия гана эмес Дагестанды кошуу керек деген. Бирок ага жооп айткан Дагестан парламентинин төрагасы Магомедсалам Магомедов үч республиканын кошулушун ал жумурияттарда жашаган элдер референдумун өткөрүү жолу менен чечкен оң, бирок Дагестан калкынын көбү ага макул эмес деген.

Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушевдин пикири боюнча федералдык бийлик Түндүк Кавказ боюнча төрт гана: Чечен-Ингушетия, Дагстан, Осетия жана Кабарда жумурияттарын калтырууну көздөйт.

Ошол максаттын бир жышааны катары 17-декабрда Чеченстандын ырасмий сайты аркылуу Рамзан Кадыровдун оң колу болуп эсептелчү Нурди Нухаджиевдин ингуш калкына ырасмий жасаган кайрылуусун мисал келтиришүдө. Ал жерде да 1934-жылкы чек араны азыр ырас деп таануу кеби козголот. Бирок ал максат ишке ашса анда азыркы Ингушетиянын Сунжа жана Малгобек райондору Чеченстандын карамагына өтүүгө тийиш экен.

Орусиялык кавказ элдеринин конгресси тең тайлаш төрагасы Иван Сухов мындай дейт:

-Чеченстан менен Ингуштетияны бириктирүү долбоору кантсе да бар, эмне дегенде ал улам кайта кызуу талкууланчу болду. Аны азыркы Ингушетиядагы кыйын кезеңди жеңүү менен байланыштырышат. Бирок Ингушетияны Чеченстандын контролдугуна салып берүүнүн терс жагы бар.
XS
SM
MD
LG