Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Жалал-Абат облустук донор уюмдардын катчылыгы жыйын курду


Кеңешмеге облуста иштеген донордук уюмдардын 20 өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты. Анда аталган уюмдардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүп, облуска чет эл жардамын көп тартуу менен аны максаттуу пайдалануу маселеси талкууланды. Донордук уюмдар район-шаарларда тегиз иштебей, инвестиция бир аймакта көп, башка жактарга анча келбей жатканы белгиленди. Ала-Бука районунда донордук 98 уюмдун бир гана өкүлчүлүгү өндүрүмдүү иштеген. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, жыл башынан бери 6 миллиард сомдук чет эл жардамы социалдык-экономикалык багыттарда иштетилүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG