Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Оппозициянын бирдиктүү кыймыл түзүшүнө күмөн санагандар көп


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов оппозиция эч качан биригип, бир кыймыл түзө албайт, ага оппозиция лидерлеринин ар биринин президент болом деген дымагы башкы себеп деген пикирде. Анын айтымында, оппозиция өкүлдөрүнүн башын азыр бир гана максат-бийликти алуу бириктирип жатат. Ал эми Коммунисттер фракциясынын депутаты Николай Байло оппозиция кыска убакытка биригиши мүмкүн, бирок бара-бара өз максаттарын көздөп ыдырашы ажеп эмес деген ойдо. Анын баамында, оппозициянын башын бириктирүүчү жакшы аныкталган бир багыт азырынча жок. Экс-премьер министр, “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиев болсо биригип, өнүккөн мамлекеттердегидей негизги 2-3 саясий партиянын түзүү мезгили жетти деген оюн билдирди. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG