Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Жаштар өлкөдөгү саясий күчтөрдүн куралына айланды


Мындай оюн жаштардын Ош облустук форумунда «Демократия жана адам укугу» борборунун башчысы Идирис Кубатбеков жар салды. Бейөкмөтчүнүн пикиринде, ушундай кырдаал кооптонууну жаратпай койбойт. Ал эми райондордон сүйлөгөн өкүлдөр курдаштары диний экстремисттик уюмдарга көбүрөөк кошулуп жаткандыгына кабатырланып, адашкандарды жазалабастан, түшүндүрүү жана ынандыруу аркылуу оң жолго баштоону сунушташты. Иш-чаранын соңунда кыргыз жаштарынын 2020-жылга чейинки концепциясы кабыл алынды. Оштогу «Башат» жаштар кыймылынын лидери Бакыт Калмаматовдун баамында, жалаң өкмөтчүл жарандар катышкан форум - жаштардын башын айландыруу, бийликти сактап калуу жана узартуу жандалбасы. (ATo)

XS
SM
MD
LG