Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Н.Кадыров: Казакстан кийинки жылы мигранттардын санын кыскартат


Бул тууралуу Казакстандын Жумуш берүүчүлөр конфедерациясынын аткаруучу директору Наджат Кадыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстанда миллиондун тегерегинде Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген мигранттар эмгектенишет. Алардын 80 пайызга жакыны Казакстанда иштөөгө атайын уруксат кагаздары жок иштеп жүрүшөт. Казакстанда экономикалык өсүш байкалып аткан чакта бул мигранттардын эмгектенүүсүнө казак бийликтери жумшак мамиле кылып, мыйзамсыз иштеп жүргөндөргө көп тийишчү эмес. Н.Кадыровдун маалыматына ылайык, бул жылы Казакстанда мыйзамдуу иштөөлөрү үчүн 120 миң мигрантка гана уруксат берилген болсо, кийинки жылга 60 миң гана орун берилмекчи. “Каржылык кризистин айынан жалпы мигранттардын саны кыскарып жаткандыктан, Кыргызстандан келген мигранттардын да саны кыскарат”,- дейт Наджат Кадыров. Ошондой эле анын пикиринде, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жарандарга профессионалдык техникалык адистиктерди көбүрөөк берүүнү ойлонуусу керек. Анткени, кийинки жылдан тарта Казакстан сыяктуу жумушчу күчтөрүнө муктаж өлкөлөр квалификациялуу адистерге талаптарын күчөтүп, жөн гана кара жумушчуларга болгон талап азаят. Айта кетсек, Орусияда да 2008-жылга 4 миллион мигрантка мыйзамдуу иштөөгө уруксат берилген болсо, кийинки жылга 2 миллион адамга гана уруксат бермей болушкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG