Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Жылдын башкы 10 окуясы


Экономикалык кризис дүйнөнүн булуң-бурчунда нааразылык акцияларына түрткү берди

Экономикалык кризис дүйнөнүн булуң-бурчунда нааразылык акцияларына түрткү берди

Жаңы жылдын алдында Эркин Европа-Азаттык үналгысы өз кабарчыларынан жана редакторлорунан "өтүп бараткан жылдын башкы жаңылыктары кайсылар" деп сураган эле. Кайсы окуялар өзгөчө маанилүү болду? Ушул сурамжылоонун негизинде 10 окуя тандалып алынды.

10. 2008-жылдын эң маанилүү 10-окуясы Радован Каражичтин Гаагага жиберилиши болуп калды. Босниялык сербдердин согуш мезгилиндеги жол башчысы 10 жылдан ашык мезгил жашырынып жүрүп табылганда, аны зорго таанышты: ал ак бубак баскан сакалып барпыратып өстүрүп, чачын да кое берип салган экен. Сербиянын согуш кылмыштары боюнча прокуратору Владимир Вуксевич анын кармалышын калайыкка мындайча жар салды:

- Өткөн түнү кечинде биз Каражич мырзанын жашырынган жеринен таап, ал камакка алынды. Аны бир нече жумадан бери артынан аңдып жүрүшкөн. Камакка алууга чет элдик коопсуздук кызматтарынын катышы бар деген жалган. Операция ийгиликтүү өттү, биздин коопсуздук күчтөрүбүзгө же Каражичтин өзүнө залал келген жок.

10 күндөн кийин, 31-июнда сакал-мурутун таптаза кырдырган Каражич мурдагы Югославия боюнча түзүлгөн эл аралык кылмыш сотунун алдында келди. Сот ага адамзатына каршы кылмыштар жана геноцид боюнча айып койгон.

“Босниянын касапчысы” атыккан бул киши адвокаттан баш тартты, өзүн өзү коргоону чечип, кечирим суроо укугун четке какты. Сот иши бир нече айдан кийин башталат. Бирок Каражичтин кол башчысы генерал Радко Младич дале кармала элек.

9. Август айындагы Бээжин Олимпиада оюндарын Кытайдын президенти Ху Жин Тао "Биздин замандагы 29-олимпиядасын белгилөөчү Бээжин оюндарын ачык деп жарыялайм" деп ачты.

Спортчулар жана көрүүчүлөр санжыргалуу ачылыш аземине жана спорт сарайларынын эстен кеткис архитектурасына таң беришти, Бээжин абасынын булганчтыгына нааразы болушту.

Бул оюндарда америкалык сүзгүч Майкл Фелп рекорддук сегиз алтын медал алды. Ямайкадан спринтер Усаин Болт 100, 200 жана төрт ирет 100 метрден чуркоодо катар-катары менен дүйнөлүк рекорд койду. Бир олимпиадада мынчалык көрсөткүчтөргө буга чейин эч ким жеткен эмес.

Ошентип, коммунисттик Кытайда биринчи жолу Олимпиада оюндары өттү. Бирок анын айланасында чыр-чатак көп болду. Дүйнөнүн бир катар шаарларында Кытайдагы адам укуктарынын абалына, айрыкча Тибеттеги укук бузууларга нааразылар Олимпия отун алып бараткан кытайлык спортчулардын алдын тороп, өртүн өчүрүп, эстафетаны үзгүлтүккө учуратышты. Кытай Тибеттин сүргүндөгү жетекчилери менен сүйлөшүү баштоого жана Интернет боюнча чектөөлөрдү алып салууга макул болгон. Бирок оюн бүткөндөн кийин сүйлөшүүлөр токтоп, ал эми интернет көзөмөлү калыбына келтирилди. Бул 2008-жылдын тогузунчу эң маанилүү окуясы болуп калды.

8. 2008-жылдын маанилүү окуясы деп азык-түлүк бааларынын өсүшү, анын кесепетинен миллиондогон адамдардын ачарчылыкка туш болушу аталды. БУУнун маалыматында, тамак-аштын кымбатташынын айынан дагы 75 миллион киши жакырчылыктын жеткен чегинде калышты, ал эми тоюна тамак ичпегендердин саны 1 миллиардга жакындады.

БУУнун Азык-түлүк жана Айыл-чарба июмуна ылайык, 2015-жылга карата ачарчылыктан жапа тарткандардын санын жарымына кыскартуу максатын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү кыйындады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги-Муун Римде өткөн азык-түлүк самитинде эл аралык коомчулук туш келген кыйынчылыктарды мындайча баяндады:

Ынтымакташып, тилектештик менен гана биз бүгүнкү кризисти жеңе алабыз. Жүз миллиондогон адамдардын үмүтүн ансыз актай албайбыз. Ачарчылыктан, айрыкча адам баласынын колу менен жасалган ачарчылыктан өткөн азап барбы? Ачарчылык нааразылыкты күчөтөт, ыркты бузат, саламаттыкты начарлатат, экономиканы аксатат.

Азык-түлүк баасынын кымбатташынан улам, Египетте, Индияда, Өзбекстанда, Грузияда жана башка жерлерде эл козголду. Экономист Жефри Сакс аны “акыркы 30 жылдагы эң оор кризис” деп атады. Гаитиде элдер топуракты май менен шекерге көөлөп жеп калышты. “Даамы туздуу, анда май бар, ошондуктан, топурак жеп атканыңды деле байкабай каласың” деп айтты 24 жаштагы Олвиш Луи Жөн “Нью-Йорк Таймс” гезитине.

7. Ооганстанда кан төгүүнүн күч алышы жана талибдердин таасиринин өсүшү жылдын жетинчи маанилүү окуясы деп тандалды.

Ооганстанда бүгүн 65 миң чет элдик аскер бар. Алардын жарымы АКШдан. Ошого карабастан, Кошмо Штаттары согуштан каржалган өлкөгө дагы кошумча аскер жиберем деп жатканы жөн жерден эмес. Өлкөдө кан төгүү АКШ баштаган согушта талибдердин бийлиги кулагандан берки эң жогорку чегине жетти.

БУУнун эсебинде Ооганстанда быйыл 4 миң чакты киши согуш аракеттеринде набыт кетсе, алардын үчтөн бири карапайым оогандар болуп калды.

Пентагондун билдиришинче, келерки бир-эки жылда Ооганстанда дагы кошумча 20 миңден ашык америкалык аскер жайгаштырылат.

Коопсуздук жана Өнүктүрүү боюнча Эл аралык кеңеш деп аталган изилдөө институтунун эсебинде, талиптер Ооганстандын аймагынын 72 пайызын көзөмөлдөйт. Бул санды НАТО, ооган өкмөтү жана Кошмо Штаттары караманча четке кагып келет. Анын ичинде АКШнын коргоо министри Робертс Гейтс да бар:

Талибдер эч жерди көзөмөлдөбөйт. Биздин күчтөр талибдерге туш келгенде, талибдер дайым утулат. Ошондуктан, Ооганстанда баш-аламандык өкүм сүрөт деген ырастоо аша чапкан пессимизмге жатат. Ошол эле убакта биздин алдыбызда олуттуу кыйынчылыктар кала берип жаткандыгынан эч ким күмөн санабайт.

НАТОнун жана АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн кол башчысы, америкалык генерал Давид МакКирнан элдешүүнүн жаңы планын сунуш этти. Анда жергиликтүү ооган жетекчилерин, анын ичинде мурдагы талибдерди кызматташтыкка тартуу каралган.

6. Мумбаидеги террордук чабуулдар 2008-жылдын этегиндеги дүйнөнү дүңгүрөткөн кандуу окуялардын бири болуп калды. Биздин тизмеде ал алтынчы эң маанилүү окуя деп табылды.

26-ноябрда 10 террорист Индиянын эң ири шаары жана финансылык борбору болгон Мумбайде бир мезгилде бир нече жерден чабуулга өтүштү. Моторлуу кайык менен келген, автомат, гранат менен куралданган бул кишилер Мумбаидеги эң бир таанымал жерлерди, анын ичинде эки беш жылдыздуу мейманкананы басып алышты. Индиянын коопзусдук күчтөрү алар менен үч күн кармашты. 160тан ашык киши, анын ичинде 30 чет элдик набыт болду.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан Лашкар-е-Таиба деп аталган согушкер топ өзүнө алды.

Чабуулдар ядролук куралы бар Пакистан менен Индиянын ортосундагы ансыз да татаал мамилени курчутту. Индия Пакистандан жоопкер тараптарга чечкиндүү чара көрүүнү талап кылды. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да Пакистан өкмөтүн “чечкиндүү аракеттерге” чакырды.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Индиянын өкмөтү Пакистандын аймагында жашырынып жүрөт деген 20 шектүү террористти Нью-Делиге өткөрүп берүүдөн баш тартты, бирок анын өкмөтү бул чабуулдарга тийешеси бар экендиги далилденген бардык пакистандык элементтерге карата катуу чара көрөт деп ишендирди.

5. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын кабарчыларынын арасында жүргүзгөн сурамжылоодо Орусияда мамлекет жетекчилеринин алмашышы 2008-жылдагы эң маанилүү бешинчи окуя деп табылды.

Орусиянын ал кездеги өкмөт башчысынын биринчи орун басары жана кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президент Владимир Путиндин оң колу саналган Дмитрий Медведев 2-мартта Орусиянын президенти болуп, добуштардын көпчүлүгү менен шайланды:

Албетте мен мыйзамда каралган мезгил аралыгында аткаруу бийлигинин келечек структурасын аныктоодон баштагым келет. Мен өкмөт башына келип жаткан Влдимир Путин менен бирге иштеп, мындай иштин аркасында бизде иштиктүү аткаруу тармагы болот деп ишенем.

Путин болсо көп өтпөй өкмөт башына келди, бүгүн да өлкөнүн турмушунда кеңири таасирге ээ деп саналат.

Ноябрда Орусиянын парламенти президенттин кызмат мөөнөтүн төрттөн алты жылга чейин узартууну караган конституциялык өзгөртүүнү карап баштады. Айрымдардын ишениминде, бул өзгөрүү Путинди президенттик кызматке 2009-жылы келишине жол ачмакчы. Ошондо Путин алты жылдан эки мөөнөт иштесе, 2021-жылга чейин тактан түшпөйт. Бул жааттагы өйдө-төмөн кептердин жайылышын токтотууга Путиндин аракет кылганы байкалган жок.

4. Косовонун көз карандысыздык жарыялашы.

17-февралда Косово дүйнөдөгү эң жаш өлкө болуп калды. Бул күнү өлкө Сербиядан өз алдынчалык жарыялады. Премьер-министр Хашим Тачи жаңы өлкө “тынчтыкты жана туруктуулукту туу тутаарын, Косово демократиялык, секулярдуу, көп улуттуу өлкө" болоорун билдирди. Кубанычы койнуна батпаган он миңдеген киши Приштинанын көчөлөрүнө чыгып, байрактарды желбиретип, от оюндары коюлду.

Бул кубанычтуу күндө Албаниядан атайын келген бир киши мындай деди:

- Менин ата-бабаларым Косоводон кеткен. Алар бул жактан илгери эле качып кетишкен. Мен ушул бабаларды жана бүгүнкү майрам үчүн өз өмүрүн кыйгандарды эскерип, ушул жакка келип отурам.

Сербиянын президенти Борис Тадич Косовонун өз алдынчалык жарыялашын күчүнөн кетирүү үчүн “тынчтык, дипломатиялык, мыйзамдык жолдор” менен гана жооп берээрин билдирген, бирок көп өтпөй Белграддын көчөлөрү нааразы демонстранттарга толуп чыкты.

Косовонун өз алдынчалыгын бүгүнгө чейин Бириккен Улуттарга мүчө болгон 50дөн ашык өлкө тааныды.

9-декабрда Европа Биримдиги тушоосу эми кесиле турган өлкөдө тартипти бекемдеп, туруктуулукту бекемдөө максатын көздөгөн ЕУЛЕКС миссиясын баштады.

3. Орус-грузин согушу. Бул согушту ким качан баштады? Август айындагы кыска бирок кандуу согуш тууралуу мына ушул суроолордун айланасындагы талаш эл аралык коомчулукта бүгүн да токтой элек. Бул согуш биздин тизмеде үчүнчү орунда.

Орусиянын ырастоосунда, Грузия өзүнөн өзү эле Түштүк Осетиянын баш калаасы Цсхинвалиге кол салган. Орусия буга жооп кылып, Түштүк Осетияга гана эмес, Грузиянын башка ички аймактарына да аскерлерин, танктарын жөнөттү. Грузия болгону Москва колдогон сеператисттердин гурзиндер жашаган айылдарга улам кайра кол салууларына жооп бергендигин айтууда. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили буларды айткан:

- Түштүк Осетияга кирген орус аскерлери, орус танктары жолдо катар Түштүк Осетиянын грузин тургундарын бүт бойдон кубалап келатышат. Алар Түштүк Осетияда көзөмөлдөгөн бардык аймактарда этникалык тазалоону ишке ашырышты.

Орусия көп өтпөй Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныды. Орусиянын реакциясын Батышта “аша чапкандык” деп айыпташты. Москванын НАТО, Евробиримдик, Кошмо Штаттары менен алакасы ушунча начарлап кеткендиктен, жаңы Кансыз согуштун башталганын кеп кылышууда.

2. Барак Обама АКШнын 44-президенти болуп шайланды.

“Обама тез эле бүт коомчулукту ушунчалык өзүнө багындырып алгандыктан, мындан эки жыл мурда эле Америка калкынын жарымы анын атын да билбегенин айтпай кое албайбыз”, деп жазды "Таймс" гезити Обамага "Жылдын адамы” деген сыйлыкты ыйгарганда. Башка өлкөлөрдө Обаманы америкалыктардан да аз билишкен. Бирок 4-ноябрда АКШда шайлоочулар Иллинойстон биринчи мөөнөткө шайланган сенаторду Ак үйгө жөнөтүү менен, өзгөрүштү канчалык эңсешээрин далилдешти.

Кошмо Штаттарындагы биринчи афро-америкалык президент болуп калган Обама добуштар толук саланып бүткөндөн кийин Чикагодо өз колдоочуларына айтып турган жери:

Бүгүн бул шайлоодогу берген добушубуздун натыйжасында, чечүүчү көз ирмемдер Америкага өзгөрүш келди.

Азыр эми кыйын иштер бар – Иракта согушту бүтүрүш керек, Обама буга сөз берген; аны дагы Ооганстанда талиптерге каршы согушту бир жаңсыл кылуу жана АКШнын гана эмес, дүйнөлүк экономиканы капсалаңга салган финансылык кризисти тизгиндөө милдеттери күтөт. Бул өз кезегинде бизди Эркин Европа/Азаттык радиолорунун кабарчылары жана редакторлору тандаган 2008-жылдын эң башкы окуясына алып келет.

1. Глобалдык финансылык кризис

Аны 20-кылымдын 30-жылдарындагы Улуу Депрессиядан берки эң каргашалуу финансылык капсалаң деп аташууда. 2008-жылдагысы Кошмо Штаттарында башталып, бирок алеки заматта бүт дүйнөгө жайылды.

Ипотекалык карыздарды үчүнчү тараптарга сатуунун кесепетинен сентябрь айында башталган кризис АКШдагы эң ири инвестициялык банктардын бири болгон Леман Бразерстин кыйрашы менен күчөдү. Дагы башка банктар кыйрады. Дүйнөлүк баалуу кагаздар базарында баалар кулады. Акцияларды баш-аламан, туш келди сата башташты. Компаниялар банкрот болуп, же жумушчуларын кыскартып жатышат. Ноябрь айында эле Кошмо Штаттарында жарым миллиондон ашык киши ишсиз калды.

АКШнын Борбордук Банкынын мурдагы төрагасы Алан Гринспэн кризиске сентябрда мындайча баа берген:

- Кылымда бир болуучу финансылык кризис дүйнөдөгү реалдуу экономикага олуттуу таасир этпей койбойт. Менимче азыр дал ушундай болуп жатат.

Айткандай эле Исландиянын банк системасы октябрда ыдырап, өлкө Валюта Корунан жардам сурады. Мажарстан, Латвия, Украина, Беларус, Пакистан өңдөнгөн өлкөлөр да корго жардам сурап кайрылышты.

Ноябрдын кап ортосунда дүйнөдөгү эң бай жана өнүгүп келаткан 20 өлкөнүн мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери Вашингтондо жолугуп, кризиске каршы биргелешип аракеттенүүнүн жолдорун талкуулашты. Дүйнөлүк финансылык түзүлүштү түп-тамырынан кайра куруу чакырыктары айтылды. Азыр эми Америка экономикасынын түркүгү болгон машина жасоочу тармак кыйроо коркунучуна туш келүүдө.

Ишканаларды жана банктарды куткарууга АКШнын өкмөтү бүгүнгө чейин 8 жарым триллион доллар сарптады. Президент Барак Обама өзүнүн куткаруу планын 20-январда кызматка киришкенде жарыялаганы жатат.
XS
SM
MD
LG