Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

К.Бакиев Бишкекте


Президент Курманбек Бакиев кечээ КМШ президенттеринин Казакстандын Көкчөтоо шаарында өткөн бейрасмий саммитинен кайтып келди.Мындай маалымат президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиевден алынды. КМШдагы 6 мамлекет - Армения, Беларус, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын президенттери катышкан жолугушууда КМШ, ЖККУ, ЕврАзЭС уюмдарынын алкагында жана өз ара кызматташуудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Форумда Орусия президенти Дмитрий Медведев дүйнөдөгү өнүккөн 20 мамлекеттин башын кошкон "Ири 20лыктын" эмдиги жылдын апрель айында болуп, экономикалык кыйынчылыктан чыгуунун бирдиктүү жолу талкууланчу саммитинде Орусия КМШнын кызыкчылыгын колдойт деп билдирди. КМШ президенттеринин жолугушуусуна чейин Курманбек Бакиев менен казак президенти Нурсултан Назарбаев өз ара сүйлөшүп, дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттерин азайтуу жолдорун талкуулашты. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG