Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында жардыруудан британиялык жоокер набыт болду. Британиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сегиз күндүн ичинде эле жети жоокер мерт кетти. Жалпысынан 2001-жылдан бери Ооганстанда британиялык 135 жоокер каза тапкан. Учурда Ооганстанда 8 миң британиялык жоокер кызмат өтөйт.