Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Палестин жетекчиси Орусияда


Орусияга үч күндүк иш сапары менен келген Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Чеченстанга барды. Грозныйдагы аба майданында Махмуд Аббасты Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров тосуп алып, түз эле резиденциясына алып барып, сый тамак берди. Андан соң Аббасты Рамзан Кадыров өзүнүн туулган айылы – Центрой кыштагына алып барды. Бул жерде алар мурдагы президент Ахмад Кадыровдун арбагына арнап куран окушту. Жекшемби күнү кечинде Аббас Москвага учуп кетти жана бүгүн ал президент Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG