Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Обама командасын түзүп бүттү


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама келечектеги өкмөттүн бардык кызматтарына талапкерлерди тандап бүттү. Өткөн жума күнү эмгек жана транспорт министрлигине дайындала турган адамдардын ысымдары аталды.

Транспорт министри болуп республикачыл конгрессмен Рэй Лахуд дайындалат, ал эми эмгек министринин папкеси өкүлдөр палатасынан дагы бир өкүлүнө - демократиялык партиянын мүчөсү Хилда Солиске тийди.

Ушуну менен Барак Обама өз өкмөтүндөгү негизги кызмат орундарын толуктап бүттү. Буга байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө Обама келечектеги өкмөттүн саясатынан тез эле натыйжа чыга койбой турганын, ал бир нече жылдан соң үзүрүн берерин эскертти.

Өткөн бейшемби күнү Обама АКШнын баалуу кагаздар жана биржалар комиссиясынын башчылыгына Мэри Шапирону тандап алганын жарыялаган эле. Шапирону Обама “акылдуу жана ишке букта” кызматкер деп сыпаттады. Шапиро көп жылдар бою финансы иштерин жөнгө салган мекемелерде иштеген, бул чөйрөдө мыйзамдардын кынтыксыз сакталышына жетишкен. Шапиро Комиссиянын башчысы катары “азыркыдай кризис эч качан кайталанбасы үчүн зарыл болгон бардык чараларды таба аларына” Обама ишенет.

Мэри Шапиро азыркы финансы кризиси жигердүү,системалуу чараларды талап кыларын белгиледи. Өлкөнүн финансы системасын башкаруу ишин жаңылоо үчүн федералдык мекемелер биргелешип, чечкиндүү жана чыгармачыл жигер менен иштеши керек. Мындай иш баарыдан мурда азыркы татаал рыноктун тез өзгөрүп жаткан кубулуштарына тике жана ыкчам жооп берүү үчүн зарыл.

Обама кризистерди алдын алууну өз өкмөтүнүн, өзгөчө экономикалык блоктогу мекемелердин башкы милдетин деп ишин атады. Мейдоффтун инвестициялык компаниясына байланышкан соңку күндөрдөгү жаңжалды эске салып, Обама рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндө реформа өтө зарыл экенин белгиледи.

Бернард Мейдоффтун компаниясындагы финансылык апкөйлүктөр туурасында учурунда баалуу кагаздар жана биржалар комиссиясы маалымдар болгон экен.Бирок ага комиссия маани берген эмес. Мунун баары Мейдофф өзү моюнга алгандан кийин гана ачыкка чыгып отурат. Инвестициялык компаниядагы жуйкурлуктун жалпы чыгымы 50 миллиард долларга жетет дешет.

Ишемби күнкү радиокайрылуусунда Обама илимпоз-физик Жон Холдренди, Нобел сыйлыгынын ээси, окумуштуу Харолд Вармусту жана генетик Эрик Ландерди президентке караштуу илим жана техника боюнча кеңешке дайындаганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG