Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Туризм кирешеси быйыл былтыркыдан көп


Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Турусбек Мамашев “Азаттыктагы” маегинде бул жыл туризм үчүн жемиштүү болду, деп билдирди. Ушул жылдын тогуз айындагы киреше былтыркы тогуз айга салыштырмалуу кырк пайызга көп түшкөнүн айтты. Т. Мамашева ошол эле убакта Кыргызстанга эс алуучулар быйыл аз келгенин, буга Казакстандагы ипотекалык кредит каатчылыгы себеп болгонун баса белгиледи. Туристтер көбүнчө Кыргызстандын тейлөө тармагына нааразы болушаарын, ошондуктан бул туризмдеги башкы көйгөйлөрдөн, дейт Т. Мамашев. Ал 2009-жылы тейлөө системасынын сапатын жогорулатуу, бул жааттагы кадрларды даярдоого көңүл бурууларын кошумчалады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG