Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

ЮСАИД менен Кыргызстандын алакасы талкууланды


Бүгүн кыргыз Тышкы иштер министри Эднан Карабаев АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) Кыргызстандагы өкүлү Пэт Шапиро менен жолукту. Жолугушууда тараптардын быйыл жылдагы алака-катышынын жыйынтыгы чыгарылды. Министр ЮСАИД менен эл аралык терроризм, адам аткезчилиги, маңзаттады сатууга каршы күрөшүү жааттында биргелешип иш алып баргандын натыйжалуу жактарын белгиледи. Аталган уюмдун Кыргызстанга айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү системасын сапаттуу реформалоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү багытында колдоо көрсөтөрүнө ишеним билдирди. Бул туурасында ТИМден кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG