Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Алиевдин үчүнчү мөөнөтүнө жол ачылууда


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.

Азербайжанда парламент президенттин кызмат мөөнөтүнө коюлган чекти алып салуу боюнча алгачкы кадамды жасады. Мындай аракеттер мунайга бай өлкөнү башкарып келе жаткан саясий династиянын ролун дагы бекемдеши мүмкүн.

Азербайжандын азыркы президенти, бийликти маркум атасы Гейдар Алиевден ал көз жумар алдында, 2003-жылы мурастап калган Ильхам Алиев дагы беш жылдык мөөнөткө мындан эки ай мурда эле шайланган. Расмий маалымат боюнча октябрдагы шайлоодо Алиевди элдин 88%ы колдогон. Эми андан көп өтпөй Азербайжан президенттин бийликте туруу мөөнөтүнө коюлган чекти жоюу алдында турат.

19-декабрда өлкө парламенти бул маселе боюнча референдум өткөрүүнүн мыйзамдуулугун Конституциялык Cоттон суроону караган чечимди көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Парламент төрагасы Огтай Асадовдун айтымында, Конституцияга сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөрдүн мазмуунун азырынча талкуулоонун зарылдыгы жок:

-Биз муну Конституциялык соттон жооп алгандан кийин талкуулайбыз.

Азери мыйзамдары боюнча Конституциялык Cот эми парламенттен түшкөн суроо боюнча өз тыянагын 15 күндүн ичинде чыгаруусу керек. Эгер алар президенттин бийлик мөөнөтүнө коюлган чекти жоюу үчүн референдум өткөрүлүшүн мыйзамдуу деп таптса, парламент ал маселени дагы бир ирээт добушка салып, референдумдун мөөнөтүн белгилейт.

Бийликтеги "Ени Азербайжан" партиясынын аткаруучу катчысы Али Ахмедов президенттин бийлик мөөнөтүн чектөөнү жоюунун тууралыгын коргоп, мунун жүйөөсүн андай жобо " жарандарды өлкөнү ким башкаруусун тандоо укугунан ажыратып жатканы" менен түшүндүрөт. Ал эми бакулук саясий талдоочу Илгар Маммадов парламент көрүп жаткан аракеттердин мааниси тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

-Узак убакыт боюу Азербайжанда президенттин үчүнчү мөөнөтүнө тыюу салынып келинген. 1995-жылы кабыл алынган Конституция боюнча алар үчүнчү мөөнөткө бара алышчы эмес. Бирок Ильхам Алиев 2008-жылдын октябрында экинчи мөөнөткө шайланганандан кийин эле 2013-жылы үчүнчү мөөнөткө тлапкерлигин коюуну чечти.

Саясий талдоочу Илгар Маммадов "Азаттыкттын" кабарчысы менен маегинде кошумчалагагдай, Алиевдин референдумга ыктап жатышы 2013-жылкы шайлоого анын азыр парламент депутаты катары эсептелген жубайы Мехрибан Алиева катышат деген ушак –айыңдарды да жокко чыгарууда:

-Биринчи айым Мехрибан Алиеванын 2013-жылы күйөөсүнүн ордуна шайлоого катышуу ыктымалдуулугу жөнүндө Азербайжанда жоромолдор, ушак-айыңдар, ага катар олуттуу анализдер да болгон. Биз азыр Ильхам Алиев мындай кеп-сөздөрдү, анализдерди экинчи мөөнөтүнүн башталышынан тарта эле токтотуп жатканын көрүүдөбүз. Демек ал азыркы экинчи мөөнөтүн акыркы катары эсептебейт жана 2013-жылы аны аялы алмаштыруусун каалабайт.

Октябрдагы президенттик шайлоо атаандаштык шартында өттү делгени менен оппозициядагы негизги партиялар аны бойкоттошуп, бийликти саясий оппоненттерин куугунтуктаганы, маалымат каражаттарын кысымга алганы үчүн айыптаган. Эл аралык байкоочулар шайлоо демократиялык стандарттарга толук жооп бербегенин белгилешкен болчу.

Өлкөдө демократия жаатында олуттуу тынчыздануулар бар экенине карабай, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Кошмо Штаттар да Каспийдин эбегейсиз газ жана мунай байлыктарына жетүү үчүн Ильхам Алиев менен алакалашып келе жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG