Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Кылмышкерлердин жолу буулду


Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 түрмөсүнөн качууга аракет кылган 7 адам кармалды. Мындай маалыматты аталган тармактын атын атабоону өтүнгөн кызматкери билдирди. Анын айтымында, өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө олтуруу жазасы берилген 7 кылмышкер түрмөнүн астынан 11 метр тереңдикте жол казып, качып кетүүгө аракет кылышкан. Кайра колго түшкөн адамдар мурда отурган жер төлөгө кайтарылды. Бирок жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилери бул маалыматты тастыкташа же жокко чыгарыша элек. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG