Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Мумбайдагы террактын изи эки ача


Индия Пакистанга Мумбай шаарында чабуул уюштурган террорчулардын бири жазган катты тапшырды. Өткөн айда Индиянын Мумбай шаарында террордук чабуулдардан 170 адам набыт болгон. Индиянын бийлигинин ырастоосуна караганда, чабуулдардан көп өтпөй камакка алынган Мохаммед Ажмал Касаб өз катында Пакистандан жардам сураган. Расмий Исламабад Индия жетишерлик деңгээлде далилдерди көрсөткөн жок деп, Мумбай шаарында чабуулдарды уюштургандар пакистандыктар болбогонун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG