Жети-Өгүз районунун акими Замирбек Турдукеев пара алды деп кылмыш иши ачылгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин буйругу менен анын ордуна Тынчтыкбек Чекиев дайындалды. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Ак-Суу районунун акимдигине Болотбек Купешов дайындалды. (BD)