Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

OSCE: Грузиядагы миссия жабылат


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Грузиядагы миссиясын жаба турганын маалымдады. Анын мандатын узартканга Россия каршы чыкты.

Уюмдун өкүлү Мартин Несерку миссиянын ишин токтотконго туура келерин бышыктады. Миссиянын мандатын узартуу үчүн уюмга кирген бардык 56 өлкөнүн колдоосу керек эле. Дүйшөмбү күнү Венадагы жыйында Россия миссиянын ишин улантканга каршы чыкты.

Россиянын уюмдагы өкүлү Анвар Азимов Москванын позициясын түшүндүрүп, уюмдун миссиялары Грузияда эле эмес, Түштүк Осетия менен Абхазияда да болушу керектигин билдирди. Ал уюмдун практикасында мындай тажрыйба болгон деп эсептейт. Мисалы, 1992-жылы Македония уюмга мүчө болбосо да ал жерге миссия жиберилген. Азыр деле Белградда жана Приштинада уюмдун эки башка миссиясы иштеп жатат. Ал эми Кавказга калганда Батыш өлкөлөрү миссия бир гана Тбилисиде болушу керек, Сухуми менен Цхинвалга өзүнчө миссия жөнөткөнгө болбойт дешет. Азимов мындай позицияга Москва макул боло албай турганын ырастады.

АКШнын уюмдагы элчиси Жули Финли миссиянын ишин үзгүлтүккө учуратканы үчүн жоопкерчиликти толугу менен Россияга жүктөдү. “Мунун өзү Россия уюмду жок кылууну көздөп жатканын көрсөтүп турат”, - деп айтты америкалык элчи.“Элүү беш өлкө мунасага келгенге макул эле. Элүү беш өлкө, эгер тизмени карап көрсөңөр, алардын баары ар түрдүү өлкөлөр. Алардын баары буга даяр эле, бир гана Россия каршы болду”.

Грузиянын тышкы иштер министри Григол Вашадзе да Россия Тбилисидеги эл аралык дагы бир мандатты жок кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасады деп билдирди. “Муну Москва оккупацияланган аймактардагы мыйзамсыз аракеттерин жана адам укуктары массалык түрдө бузулуп жаткан миңдеген фактыларды көздөн жашыруу үчүн атайылап жасап отурат”.

Бул миссия 1992-жылдан бери иштеп келаткан. Ийгиликтүү бир топ кадамдар жасалган, бирок жасай турган иштер да көп эле. Негизги милдет, албетте, региондогу жаңжалды жөнгө салып, стабилдүүлүктү камсыз кылууда турган.

Өкүлчүлүктө 180 байкоочу бар. Алардын бир бөлүгү ок атышууну токтотуу тууралуу Москва менен Тбилиси ортосундагы келишимдин аткарылышын көзөмөлдөйт.

Дипломатиялык булактар кечээки чечимге карабастан миссиянын мандатын узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жаңы жылдан кийин улантылат деп ишенишет. 1-январдан тартып уюмга төрагалык кылуу милдети Финляндиядан Грецияга өтөт.

Быйыл августта орус-грузин жаңжалы тутанган райондордо азыр Евросоюздун 225 байкоочусу иштейт. Бирок алар да Түштүк Осетияга кире албайт. Грузия аларды Евросоюздун бейпилдик күчтөрүнө алмаштырууну сунуш кылды эле, Брюссел андан баш тартты. “Евросоюздун дегеле мындай планы жок”,- деп билдирди жакында шаркеттин тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана.

XS
SM
MD
LG