Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Төлөйкан Исмаилова: Кол чогултуудан бийлик эмне анча корккону белгисиз


Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова тартип сакчыларынын ар кандай эле шылтоо менен жарандарды куугунтуктап, камай берүү аракетин токтотууну президенттен талап кылууда. Укук коргоочунун мамлекет башчыга жолдонгон кайрылуусунда 19-декабрь күнү стратегиялык обьекттерди менчиктештирүүгө каршы кол чогултууга аракет кылган жарандар милиция тарабынан куугунтукталып, натыйжада камакка алынганганы айтылат. Анда белгиленгендей кол чогултуу акциясы тынч, базардын ишине эч кандай жолтоосуз, башка жарандардын укугун чектебей жүргүзүлүп жаткан. Төлөйкан Исмаилова минтип өз оюн ачык айтып, бийликтин айрым аракеттерине каршылыгын билдирип жаткан элди куугунтуктоо өкмөттүн унчукпас макулдугу менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, акыркы убактарда Кыргызстанда адам укугу өтө чектелип бараткандыгын, мунун арты жакшылык менен бүтпөстүгүн эскертет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG