Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

“Ата Мекен” партиясы кол топтоону улантат


Мамлекеттик бийлик тарабынан кандай басым, кысымдар болбосун, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган адамдардын стратегиялык маанилүү обьекттердин менчиктештирилүүсүнө, сөз эркиндигинин басылышына каршы колун чогултуу улана берет. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн “Ата Мекен” партиясы таратты. Анда айтылгандай 19-декабрда Ош базарынын жанында элден кол чогултуу аракети үчүн партиянын аялдар жана жаштар канаты куугунтукка учурап, Ленин РИИБнүн кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Билдирүү ээлери Атамекенчилерди соттогон Ленин райондук соту Аман Сариев ишти адилет жүргүзбөгөндүгүн маалымдап, соттор жана тартип кызматкерлери да саясий кысымда калгандыгын белгилешет. Билдирүүдө айтылгандай мамлекеттик маанилүү обьекттердин жеке колго өткөрүлүүсүнө жана сөз эркиндигин кысууга каршы элдин колун чогултуу иши “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги борбордук кеңсесинде жүргүзүлмөкчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG