Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Майда соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин куюп сатууга тыюу салынат


Укук коргоо органдарынын жана мэриянын коомдук-профилактикалык борборлорунун өкүлдөрүнүн жыйынында спирт ичимдиктерин куюп сатуу менен алектенген майда соода түйүндөрүнүн лицензияларын алып коюу сунушу айтылды. Шаардын вице-мэри Олег Тарбинский жыйында таң атпай павильондорго баш жазууга келген жаштарды өз көзү менен көргөндүгүн айтып, мындай көрүнүштөр туурасында коомчулукту мэриянын соода департаментине билдирүүгө чакырды. “Азыр өкмөттө соода жүргүзүүнун жаңы жоболору туурасында мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык өспүрүмдөргө тамеки, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Ал эми спирт ичимдиктерин куюп сатууга бир гана атайы көрсөтүлгөн жайларда, кафе, ресторандарда уруксат берилет”,-деди Олег Тарбинский.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG