Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Жалалабатта диний уюмдардын лидерлеринин орду тууралуу тегерек үстөл болду


Талкууга облустагы бейөкмөт жана мамлекеттик, дин уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Дин агенттигинин түштүк аймагындагы башчысы Курбаналы Узаков Ош жана Жалалабат облустарынын айрым райондорунда диний кырдаал оор экендигин белгиледи. Анда айтылгандай Орозо айтта жаңжал чыккан Ноокат районунда мектепке караганда мечит көптүк кылат, ошондой эле дин эркиндиги тууралу ЖК кабыл алган мыйзамга протестанттар менен аз сандуу диний жана эл аралык уюмдар каршы чыгууда. Тегерек үстөлдүн катышуучулары экстремисттик уюмдар ислам динин үйрөтмөк болуп, сабатсыз жана бей-бечаралардын балдарын тартып алып жаткандыгы, Сузак районунда ахмадия, акрамия деген шектүү диний уюмдар иш алып барып жаткандыгына тынчсызданышты. Иш-чарада белгиленгендей калк арасында экстремисттик жана террорчул уюмдар жөнүндө так түшүнүк жок, элди динге сабатсыз адамдар үгүттөөдө, деп белгилешет тегерек үстөлдүн катышуучулары. (YA)

XS
SM
MD
LG