Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Бийлик барсканын көтөрөт, оппозиция өжөрлөнөт


“Ата Мекен” партиясынын лидерлери АКШдан сапардан келди. Лидерлер сапарда жүргөн учурда партиянын Кыргызстандагы акцияларын бийлик токтотту. Активисттер муну мыйзамсыздык катары баалап жатат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчылар Кошмо Штаттарга сапарын аяктап, Кыргызстанга кайтып келишти. Алар сапардын жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат жыйынын жакын арада өткөрөрү кабарланууда.

Бул арада “Ата Мекен” партиясынын активисттери Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Чүй облусунун Москва районунда жана Бишкекте өткөргөн акциялары жана ага карата бийликтин кысымдары тууралуу айтып беришти.

Москва райондук кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевдин билдирүүсүнө караганда, алар энергетика тармагын менчиктештирүүгө, тармактагы коррупцияга, жарыкты өчүрүүлөргө каршы 16-декабрда Москва районунда нааразылык акциясын уюштурушкан. Ага 200дөй киши катышкан. Мына ошондон кийин бийлик өкүлдөрү кыйкым издеп жатып, Аргынбаев райондук акимдин биринчи орун басары Жуман Орозалиевди жакалаган деп айыптап, соттоду. Соттун чечими тууралуу Сапар Аргынбаев буларды билдирди:

-Ошондой иш кылдың деп мени Административдик кодекстин 364- беренеси менен 10 күнгө камоону чечишти. Аны жокко чыгаруу талабы менен апелляциялык арыз менен кайрылууга укугум бар.

Ал эми Москва районунун акиминин орун басары Жуман Орозалиев Аргынбаев эмне үчүн соттолгонун мындайча баяндады:

-Чуркап келип жакадан алып, столду бир койгон. Эч текеден эч теке жок эле. Ошон үчүн соттойт да. Жөн эле соттой бермек беле.

Күбө катары чыккан мамлекеттик кызматкер Абдыкалык Рустамовдун билдирүүсүнө караганда, акимдин орун басары Орозалиев “Сапар Аргынбаев митинг, пикет өткөрүү үчүн чет жактан акча алат. Ошону акташ үчүн ушундай иштерди жасап жатат” деп айткан. “Акча алганымды далилде” деген Аргынбаев столду бир муштаган.

16-декабрдагы митингиде ошондой эле райондо иш жүргүзгөн “Кыргызэнергоресурсу” деп аталган ишкананын жетекчилигин жоопко тартуу маселеси да көтөрүлгөн. Ал ишкана жарандардын электр эсептегичтерине кошуп жазып жүрүп дагы 6 миллион сомго карыз болуп жабылып калган. Ишкананын артында Жогорку Кеңештин депутаты Юрий Данилов турушу ыктымалдыгын айткан айылдык кеңештин депутаты Баялы Саркулов расмий бийлик эч нерсе билбегенсип турганын белгиледи:

-РЭСтин башчысы да, губернатордун орун басары да, милиция башчысы да билбейбиз дейт. Демек, бул ишкананын башында турган кишилер өтө чоң кишилер. Ошол ишкана Садовой жана Александровка айылдарынын электр линияларын ижарага алып, бир жарым жылдын ичинде 6 миллион сомду жок кылып жиберишкен.

Москва район акиминин орун басары бийлиги андай ишканалар менен иши жок экенин билдирди.

“Жеке менчик ишкана эки айылды эптей албай 6 миллион сом карызга батса, жалпы “Түндүкэлектро” менчикке кетсе кандай болот”-, деген суроону коет айылдык кеңештин депутаты Саркулов.

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен 19-декабрда Ош базарынын алдында кол топтоо аракети да үзгүлтүккө учуратылган. Партиянын активисттеринин бири Гүлнара Ибраева айтымында, активисттерди милиция кызматкерлери дароо кармап кетип, андан кийин алар соттолду.

-Эң кызыгы бирдей эле иш үчүн бирөө Административдик кодекстин 371 беренеси менен айыпталса, экинчиси “Митингдер жөнүндөгү” мыйзамдын 392 беренеси менен соттолду. Бирине 1 миң сом айып салынса, бирине 200 сом айып салынды. Булар түшүнүксүз. Эң башкысы биздин укуктарыбыз бузулду, - дейт Ибраева:

Бийлик тарабынан жасалып жаткан мына ушундай кысымдарга карабай кол топтоо улантыла берет. Ал иш “Ата мекен” партиянын кеңсесинде, шаардын ар түрдүү бөлүктөрүндө улантылат, деп белгилешти партия активисттери.













  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG