Нарын шаарынын мэри болуп расмий шайланган Алмаз Кулматов журналисттерге берген алгачкы маалымат жыйынында шаарда өмүр бою абакка кесилгендер үчүн курулушу болжолдонулуп жаткан түрмө боюнча маалыматы жок экендигин билдирди. Андан сырткары Нарын шаарындагы тергөө изоляторунда бир жылга чукул убакыттан бери Азиз Батукаевдин мыйзамсыз кармалып тургандыгы боюнча эч маалыматы жок экендигин айтты. Нарындын айрым коомдук уюмдары салына туруучу абак жана Батукаев боюнча тынчсыздандырууларын билдирип, аны Нарында криминалдын көбөйүшү менен түшүндүрүшүүдө. (JI)