Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Беларус жана Россия газдын баасын бычышты


Президенттер Дмитрий Медведев менен Александр Лукашенка келерки 2009-жылга Россиядан Белоруска газ сатуунун принциптерин жана анын төлөмүн макулдашты. Сүйлөшүүлөр жабык эшиктин артында өттү. «Газпромдо» жаңы жылдан газдын баасын Белоруска кеминде 200, атүгүл 240 долларга көтөрүү планы бар

Беларус азыр 1 миң куб метр газ үчүн Россияга 128 доллар төлөйт. Бирок «Газпромдо» жаңы жылдан газдын баасын Белоруска кеминде 200, атүгүл 240 долларга көтөрүү планы бар. Муну президент Лукашенка адилетсиздик деп санайт. «Немистерге да, бизге да табигый газды 240 доллардан сатышмакчы. Кара майдын наркы үч эсе арзандап жатканда, бул кандай көрүнөт? Арийне, газдын баасы арзандоого тийиш» деп маселени кырынан койгон Беларус лидери өткөн бейшемби күнү.

Ал эми 1- вице-премьер Владимир Семашко Беларус 2009-жылга келишим түзгөндө газдын баасын аныктаган теңдемени өзгөртүүнү талап кыларын билдирген. Эгерде газдын баасы 2006-жылкы келишим боюнча эсептелсе, жаңы жылдан тартып Беларус 1 миң куб метр көгүлтүр отун үчүн 200 доллардан көп төлөп калат. Минск газ үчүн Москвага 140 доллар, ашып барса 160 доллар төлөөгө макул.

Александр Лукашенка дүйшөмбү күнү Дмитрий Медведев менен кездешүү алдында ал Москвага жалбарып эмес, тең ата сүйлөшкөнү келгенин баса белгиледи:

-Акыркы мезгилде Беларус бир нерсе өндүрүү үчүн Кремлдин алдында чөкө тизелеп калды деген сыяктуу кемсинтип айтылган бардык сөздөрдү ачыктан ачык четке кагам. Биз бүгүн эч нерсе сурабай турганыбызды айтып койгум келет.

Лукашенканын бул сөзү россиялык чөйрөлөрдө айтылган пикирлерге жооп болду көрүнөт. «Лукашенка саясый кадам жасаса, Москва экономикалык жеңилдикке барат. Алсак, Минск 10 жылдан бери кол койбой жүргөн абадан коргонуунун регионалдык системасын түзүүгө ынаса же Абхазия жана Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныса», дейт КМШ өлкөлөр институнун серепчиси Александр Фадеев «Коммерсант» басылмасына. Бул пикирди москвалык талдоочу Илья Рассолов да колдоду:

-Бардык эле кардарлар, атүгүл Беларус үчүн газдын баасы өзгөрүүдө. Беларустагы кырдаал өтө татаал сыяктуу. Себеби кризис монетардык системага жана жарандардын кирешесине токтоосуз таасир этет. Россияда биз көргөн оор жагдай жана жумуш орундарын кыскартуулар Белоруска да келүүдө. Бул жерде(сүйлөшүүдө) саясый буроолор да колдонушу ыктымал. Лукашенканын Түштүк Осетияны жана Абхазияны тааныйбыз деген убадасын сурачу убакыт келди деп ойлойм.

Беларус тышкы карызга зар болуп турган чак. Вашингтондон 5 миллиард доллар, Эларалык валюта корунан 2 миллиард сурап, али ала элек. Россия ноябрда берген 2 миллиард доллардын теңин ошол замат алган. Анткен менен, Беларус Москвадан дагы 100 миллиард рубль карыз алам деген үмүттө. Мындай кредиттин саясый-экономикалык баасы Беларус үчүн канчага турду, азырынча беймаалым.

XS
SM
MD
LG