Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Aзербайжанда парламент президент Илхам Алиевдин бийлигин узартууга киришти. Депутаттар добуштардын 95-4 катнашы менен Конституциялык соттон президенттин эки мөөнөттөн ашык иштешине чектөөнү алып салуу маселесин референдумга коюга уруксат сурашты.

19-декабрда Орусиянын, Армениянын, Борбор Азиялык жумурияттардын президенттери Казакстанда бейформал жыйынга чогулушту. Арасында Азербайжандын президенти болгон жок, Илхам Алиевдин эмне үчүн келбегени айтылбады. Ал балким мунайдын кескин арзандашынан улам жаралган финансылык кыйынчылыктар менен алектенип жүргөндүр, а балким өзүн дагы бир мөөнөт кызматта калтырууну сунуш эткен өнөктөштөрүнөн колу бошобой жаткандыр.

Илхам Алиевдин Казакстандагы шеринени ага келгендердин басымдуу бөлүгү көпчүлүккө тактан түшпөс же өзүн өзү билген диктаторлор деп чангандыгы күмөн туудурат. Канткен менен анын атасы Азербайжанды 30 жыл башкарган, өзү 2003-жылы талаштуу шайлоодо шайланган, азыр эми бийлик партиясы анын бийлигин узартуунун айла-амалын сунуш этишти. "Йени Азербайжан" партиясынын демилгеси менен парламентте президенттин мөөнөтүн эки жолкусу менен чектөөнү алып салуу маселесин референдумга кою макулдашылды, болгону мындай референдум мыйзамга каршы келбей тургандыгын бышыкташ үчүн Конституциялык соттун алдына өтүп коюну туура табышты:

– Конституциялык өзгөрүү кандай болоорун кийин тактайбыз, алгач Конституциялык Соттун жообун алалы, - деп айтты депутаттарга парламенттин төрагасы Агтай Асадов.

"Йени Азербайжан" партиясынын мүчөлөрү Британияда же Түркияда өкмөт башчысынын мөөнөтүнө чектөө коюлбагандыгын, Франциянын президентинде да мындай чектөө жок экендигин айтышууда. Ал эми депутат Анар Мамадханли, ал тургай Кошмо Штаттарында президенттин мөөнөтүн эки жолкусу менен чектөө демократияга жатпайт деп чыкты. Анын пикиринде, америкалыктар сүйүктүү жол башчысын улам кайра шайлап алуу укугунан ажырап калышыптыр.

Америка демекчи, Кошмо Штаттары 18-кылымда дүйнөдөгү эң алгачкы демократиялык республика болуп, монархияга караманча каршыккан идеалдардын негизинде түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү "кемчилиги жок адам жок, ошондуктан эч кимге чексиз бийлик берүүгө болбойт" деп эсептешкен. Алар абсолютизмге жол бербөө үчүн, бийлик бутактары бир бирин көзөмөлдөп тура турган саясий системаны түзүшкөн.

АКШнын тунгуч президенти Жорж Вашингтон дыйкандар менен соодагерлердин сүрмө тобун кубаттуу армияга бириктирип, Британ империясын жеңген, эң кыйын мезгилдерде өлкөнү бириктирип кармап турган, республиканы түзүүдөгү чечүүчү ролу үчүн "өз өлкөсүнүн атасы" атыккан. Мына ушул атак-даңкына карабастан, ал эки кызмат мөөнөтү өткөндөн кийин, кызматынан өзү эле кетип калган жана муну тарыхчылар Вашингтондун АКШнын тарыхына кошкон эң башкы салымы деп баалашат.

Андан кийин бир гана 20-кылымда Франклин Рузвельт эки мөөнөттөн ашыкка шайланган. Ал Экинчи Дүйнөлүк согуштагы татаал кырдаалга байланыштуу бардыгы болуп төрт ирет шайланган. Бирок согуш бүтөөрү менен, мындай нерсенин эч бир шарта кайталанбашы үчүн АКШнын конституциясына мамлекет башчысынын мөөнөтүн эки жолкусу менен чектөөнү караган түзөтүү кригизилген.

Арийне, бүгүнкү диктаторлор Жорж Вашингтондун мурасын же Рузвелттен кийинки окуяларды эске албастан, Рузвелттин өзүн гана оозанышат. Ушуга байланыштуу жазган комментарийинде Азаттыктын азери кызматынын Вашингтондогу кабарчысы Коркмас Аскаров буларды белгилейт:

– Президенттин мөөнөтүн чектөө саясатчыларды бийликке жармашуусуна жол бербей, жеке адамга эмес системага негизделген бийлик алмашуусун кепилдөө үчүн ойлонуп табылган. Бирок дүйнөнүн көп жактарында мамлекет башчылары өздөрүн алмаштырылгыс деп эсептеген учурлар дагы деле көп кездешет. Алар өздөрүнө эч кимди теңебейт, орто кылымдардагы феодалдардай элди каалаганындай калчап бийлегиси келет.

Аскаровдун айтымында, бүгүн Азербайжанда Илхам Алиевди Франклин Рузвелтке салыштырган саясатчылар чыгууда. "Бирок аларга учурдагы кырдаал 1941-жылы Кошмо Штаттары жана дүйнө туш келген кырдаал менен окшош деп элди ишендирүү кыйын болот", - деп белгилейт кабарчы.



XS
SM
MD
LG