Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Аскерлер баштаган топ Гвинеяда төңкөрүш ишке ашырылганын жарыялашты


Анын алдында эле бул афирикалык өлкөнү дээрлик 25 жыл башкарган диктатор Лансана Конте кечээ көз жумганы жарыяланган. Бийликтердин айтымында 75 жаштагы Конте узак оорудан кийин дүйнө салды. Армиянын капитаны мамлекеттик радиотелевидениеден өкмөт таркатылганын жана конституция убактылуу күчүнөн кетирилгенин маалымдады. Бирок ал жогорку командачылыктынбы же өз тобунун атынан сүйлөп жатканы белгисиз. Улуттук ассамблеянын төрагасы Абубакар Сомпаре конституцияга ылайык мамлекет башчынын милдетин аткарууга тийиш. Ал армиянын иш чарасын мамлекеттик төңкөрүш аракети катары сыпаттады. Гвинея минералдык ресурстарга бай өлкө болгону менен, калкы дүйнөдөгү эң жакыр элдердин бири.

XS
SM
MD
LG