Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Иран-АКШ мамилеси, Барак Обаманын үмүтү


Барак Обама шайлоо өнөктүгү маалында Иран жетекчилиги менен эч кандай шарты жок жана түз сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Обама 20-январда бийликке ырасмий түрдө отурган соң, Иран жетекчилиги менен түз сүйлөшүүнү кааласа, алар кайсы маселени талкуулашат?

Иран-АКШ арасындагы алаканы өзгөртчү эки жагдай бар. Биринчиси, Ирандын өзөктүк программасы. Эларалык атомдук агенттиктин башчысы Мухаммед Барадейи үстүбүздөгү айда билдиришинче, дүйнө коомчулугунун Иранды атомдук программасынан баш тартыруу аракети оңунан чыкпады. Ушундан улам лондондук эксперт Марк Фицпатрик: «Иран эми жашыруун ядролук курал жасоого мүмкүнчүлүк алды» деп тыянак жасады.

Экинчиси, Иран Палестинадагы, Ливандагы жана башка жерлердеги экстремисттик топторду колдоосу. Иран жетекчилиги Барак Обама тушунда АКШ-Сирия мамилеси жакшырат деп кооптонгону менен, Жакынкы Чыгыштагы таасирин бекемдөөгө колдонгон топторду каржылоону токтотпосун жашырбайт.

Мындай жагдайда Иран-АКШ арасындагы карым-катнаштын өзгөрүүсү үчүн эки жак кандай кадамдарга барышы керек? Бул суроого «Азаттыктын» талдоочусу, доктор Аббас Жавадинин жообу мындай болду.

- Америка, менин оюмча, бир катар кадамдарды жасаш керек. Иранга аскерий сокку уруу ниети жок экенин ачык айтып, Иран жетекчилиги менен түз сүйлөшүүгө баруусу зарыл. Иран жетекчилиги өз саясатын олуттуу өзгөртөт деп ойлобойм. Келерки июнда жаңы президент шайланганса да, Ирандын Вашингтонго болгон саясатында эч кандай өзгөрүү болбойт. Себеби аны Баш көсөм Хоменейи мырза тандайт.

Доктор Жавади айткандай, Ирандын тышкы саясатын эл шайлаган президент эмес, динаятчылар менен молдолору дайындаган Башкөсөм Хоменейи аныктайт.

Ирандагы кырдаал да Тегеран-Вашингтон ортосундагы мамиле келерки жылы оңолот деп айтканга жол бербейт. Барак Обама 20-январда ырасмий түрдө президенттик милдетин аткара баштагандан үч жумадан кийин Иранда Ислам ынкылабынын 30 жылдыгы майрамдалат.

1979-жылы ынкылаптан бери АКШ-Иран мамилеси оңолбой келет. Иран ядролук программасына байланыштуу АКШнын кооптонуусуна жеткиликтүү жооп берип, өз ара мунасага жетүүдө кызматташууга баруусу үчүн, Иран парламентинин төрагасы Али Ларижаны эки жыл мурда айтканга караганда, АКШ Ирандагы диний режимдин мыйзамдуулугун жана Жакынкы Чыгыштагы негизги оюнчулардын бири экенин таанышы шарт.

Ошондуктан Иран-АКШ мамилеси Барак Обама алгач болжогондой тез оңолуп кетиши кыйын, деп боолголойт Аббас Жавади.

Тегеран ядролук куралдуу болуу аракетинен баш тартмайын, АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын Иран жетекчилиги менен «түздөн-түз дипломаттык» сүйлөшүүгө барбасы анык.

XS
SM
MD
LG