Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Шон Маккормак Иран бийлигинин Тегерандагы укук коргоо тобунун кеңсесин жапкан аракеттери өлкөдө адам укугу багытында кырдаалдын начарлашын айгинелейт деп билдирди. Жекшемби күнү Ирандын коопсуздук кызматкерлери Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади жетектеген укук коргоо борборунун кеңсесинен кызматкерлердин бардыгын күч менен чыгарып, борборду жабышкан. Иран бийлиги укук коргоочуларды “мыйзамсыз иштерге” тийешеси бар деп айыптоодо.