Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

“Сорос” корунун ачык коом институтунун демөөрчүлүгүндө Түркияда жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасына ылайык, өлкөдө саясатташтырылган ислам кийинки жылдардын ичинде кыйла күчтөнүп, калктын секулярдуу катмарын кысымга алган учурлар көбөйүп баратат. Мындай тыянак өлкөдө курч талаш тартыштарды пайда кылды.

Ачык коом институтунун Стамбулдагы Богазичи университетинин окутуучусу профессор Бинназ Топрак айымга жасаттырган 401 кишинин пикири суралган сурамжылоо “Түркияда айырмачылыктуу болуш - Дин жана консерваторлуктун негизинде тигилештирилгендер” деп аталат.

Өлкөдө, өзгөчө исламчыл медиа делинген басма сөздөр тарабынан кескин сындалган сурамжылоонун натыйжасына ылайык, Түркиянын ири шаарларга караганда, салыштырмалуу азыраак өнүккөн Анатолия аймагында, саясий динчилдердин кадыресе мусулмандарга каршы кысымчылыктары күчөп барууда.

Башкаруудагы “АК” партияга өкүлчүлүк кылган жергиликтүү башкаруулар жана жарандык уюмдар менен диний жамааттар Анатолияда элдин дин жөнүндө башкача ойлонгон катмарына кысымчылык кылган учурлар жыш каттала баштаганы ырасталган анкетада “Түркияда иш жүзүндө динди анча бекем кармабаган кишилер өкмөттүк мекемелерде жумушка киргиси келсе, же жумушта мансабынын көтөрүлүшүн каалашса, өкмөттүн исламчыл-консерватор байманаларын карманууга мажбур болушат” деп билдирилиши, консерватор-динчил чөйрөлөрдүн бүйүрүн кызытпай койгон жок.

Өзгөчө, Фетуллах Гүлен жамаатынын басма сөз кызматы деп эсептелген “Заман” гезити “Сорос” корунун анкетасына катуу нааразычылык билдирип, “бул сурамжылоо Түркиядагы реалдуулуктарды чагылдырбайт” деген сын макаласын жарыялады.

Өлкөдө арак ичүүлөр кыйыр жактан дискриминацияга учурап, алкоголдук ичимдик сатуу лицензиясы болгон дүкөн жана барлардын саны 2005-жылдан бери 13 пайызга кыскарганы, анан да маанилүүсү, “АК” партия бийлике келген 2002-жылда исламга ынгай тарткан профсоюздарга мүчө мамлекеттик кызматчылардын саны 40 миң болсо, бүгүн бул сан 400 миңге барып жеткени ырасталган анкетада, “бул “АК” партиянын кандайча өзүмчүл кадр саясаты жүргүзүп келгенинин далили” деп айтылат.

Анкетага таянуу менен Irish Times да жазган макаласында комментатор Никола Берч (Nicholas Birch) “бул көрүнүш маданияттардын бешигимин деп мактанган Түркияга жарашпайт” деген пикирин баяндайт. Болбосо, өткөндө эле, Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Женева калаасында, “Адамдын укуктары жана маданияттардын альянсы” залынын ачылышында айткан сөзүндө, өкмөт ар кандай ишенимдегилерге бирдей мамиле жасарын билдирген:

- Биздин өкүмөтүбүз даярдаган 70тен ашуун план жана проект аркылуу маданияттар алянсынын жана адам укуктарынын ишин алгылатууга өз үлүшүбүздү кошууга даярбыз.

Ал эми “Сорос” корунун професор Биназ Топрак айымга жасаттырган сурамжылоосунун натыйжасына ылайык, өкмөт ар бир жаранына бирдей алыстыкта болууну айтпай коёлу, өзүнө окшобогонду тымызын зор көрсөтүү аркылуу өзүнө окшотуунун амалында.

Бирок Zaman жана Yeni Safak өңдүү өкмөттү колдогон гезиттердин комментаторлорунун пикиринде “Сорос” корунун бул анкетасы өлкөнүн чындыктарын чагылдырбайт жана анда көптөгөн карама-каршылыктуу фактылар бар.
XS
SM
MD
LG