Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Бириккен Элдик Кыймылды түзүү келишимине бүгүн кол коюлат


Кыргызстан элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, оппозициялык күчтөр бүгүн “Достук” мейманканасында жаңы бириккен кыймылдын документтерине кол коюшат. Анын ичинде кыймылдын жобосу, билдирүүсү, кыймыл мүчөлөрүнүн милдеттенмеси жана калкка, президентке кайрылуусу бар. Кайрылууда президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип калуу чакырыгы айтылмакчы. Бириккен Элдик кыймылга Кыргызстан элдик революциялык кыймылы, “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы, “Акыйкат үчүн” кыймыл жана жети саясий партия: “Ата Мекен”, “Асаба”, “Жашылдар партиясы”, Социал-демократиялык партия, “Жаңы Кыргызстан”, “Улуу Биримдик”, “Ак шумкар” партиялары кирүүдө. Булардан сырткары Кыргыз улутун сактоо кыймылы жана Милиция ардагерлеринин укугун коргоочу уюм да кошулууда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG