Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Оппозиция Бириккен элдик кыймылды түздү


Жаңы кыймылды түзүү боюнча документтерге бүгүн “Достук” мейманканасында кол коюлду. Кабыл алынган документтердин арасында кыймылдын максаттары көрсөтүлгөн билдирүү болду. Негизги максат катары азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү, келечекте андай бийликке жол бербөө, мамлекеттик системаны өзгөртүү жана стратегиялык маанидеги ишканаларды сатууга жол бербөө аталган. Экинчи документ - оппозиция лидерлери өзүнө алган Милдеттенме болуп калды. Анда өз алдынча бийлик менен сүйлөшүүгө барбоо, биримдикти сактоо, бийлик уюштура турган шайлоо, референдум сыяктуу саясий акцияларга катышпоо жана биргелешип иш жүргүзүү каралган. Кыймыл кабыл алган үчүнчү документ-бул кыймылдын жобосу болуп калды. Жободо кыймылдын структурасы, жетектөөчү принциптери аныкталган. Ага ылайык Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчи органы болуп Улуттук Кеңеш жана Саясий Бюро эсептелет. Саясий Бюро 11 мүчөдөн турат. Ал эми Улуттук Кеңешке кыймылга кирген ар бир уюмдан үчтөн мүчө кирет. Кыймыл ошондой эле Президентке жана Кыргызстан калкына кайрылуу кабыл алды. Кайрылууда Президенттин ыңкылап алдында жана андан кийин берген убадаларын аткарбаганы, коррупция, кылмыштуулук күчөгөнү үчүн кечирим сурап, кызматтан кетүү Президентке сунушталган. Өз кылмыш иштерин мойнуна алган киши Акүйдүн жетинчи кабатында отуруп, мамлекетти башкарып жаткандыгы белгиленген. Бириккен элдик кыймылдын документтерине А.Атамбаев, А.Бекназаров, Э.Бүлекбаев, С.Жамалдинов, А.Жекшенкулов, И.Исаков, Э.Каптагаев, А.Муралиев, Р.Отунбаева, Т.Сариев жана Ө.Текебаев кол койду. Белгилей кете турган нерсе, Алмазбек Атамбаев сапарда болгондуктан анын ордуна Бакыт Бешимов кол койду. Расмий бийлик тарабынан оппозициянын биригүүсүнө жооп боло элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG