Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Өкмөт келерки жылга экономикалык саясатын аныктады


Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун маалымдоосуна караганда, келерки жылы өкмөт макроэкономикалык жана банк системасында туруктуулукту сактоо, азык түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, экономикалык өсүштү камсыздоо жана муктаждарды даректүү колдоо багытында иш жүргүзөт. Айыл чарбасы үчүн “Айыл банкы” аркылуу 175 миллион сом, “Азык түлүк” корпорациясына 810 миллион сом бөлүнөт. Энергетика тармагында коммерциялык жана техникалык жоготууларды кыскартуу, Токтогул суу сактагычында сууну сактоо багытында иш жүргүзүлөт. Курулуш тармагын колдоо үчүн 1 миллиард сом бөлүнөт. 600 миллион сом бөлүнгөн Өнүктүрүү фонду да ири долбоорлорду аткарууга кирише баштайт. Жалпысынан өкмөт келерки жылы 5% экономикалык өсүштү камсыздоо үстүнөн иштейт. Өкмөт ишкерликке жол ачуу багытында иштерин улантат. Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында кыш мезгилинен өтүү да талкууланып, премьер-министр Игорь Чудинов негизги маселе Токтогул суу сактагычында зарыл өлчөмдө сууну сактоо деп атады.(AiT)

XS
SM
MD
LG