Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Жалал-Абатта убактылуу кармоо жайларындагы абал талкууланды


Бүгүн «Адилеттик” (Справедливость) уюму облустагы убактылуу кармоо жайларындагы абал тууралуу тегерек үстөл жыйынын куруп, ЕККУ ал жайлардын шартын оңдоо боюнча бир топ долбоорлорду ишке ашырганын жана облуска убактылуу тергөө жайы керек экендигин белгиледи. Уюмдун Аксыдагы өкүлү Светлана Варавинанын айтымында укук коргоочулардын кармоо жайларга кирүүсүнө тыюу салынган. Аталган жайлар каржы жана жарык, төшөнчү менен жетиштүү камсыз болбогон, тамак-ашы начар. Кербен, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Ала-Бука райондорунун кармоо жайларындагылардын оокаты үчүн 28 сомдон акча бөлүнгөн. Аксы районунун акиминин орунбасары кармалгандардын тамагына быйыл 133 мин сом бөлүнүп, ал күнүнө 35 сомдон туура келерин билдирди. Жалал-Абат шаардык ички иштер бөлүм башчысы абактагыларга 110 сомдук оокат берилерин, кармоо жайларына кирүүгө министрликтин буйругу менен тыюу салынганын жана милиция бөлүмдөрүндө жарык өчкөнү туура эмес экендигин билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG