Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргыз милиция кызматкери Тажикстанда камалып турат


Кыргызстандык милицияны тажик жүргүнчүлөрдөн акча талап кылды, деп айыптап аталган өлкөнүн күч органдары камакка алды. Бул тууралуу Баткен облусунун коргонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбеков бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Кечээ түнү Тажикстандын Ляккан жана Баткен районунун Чоңталаа айылынын тогошкон жеринен кыргыз милициясынын эки кызматкери Орусиядан иштеп кайткан тажик атуулдарынан акча талап кылганда алар Тажикстандан беребиз, дешип өз өлкөсүнүн чек арачыларына тутуп беришкен. Бир милиция кызматкери качып кетүүгө үлгүргөн, экинчиси болсо Тажикстандын Кожент шаарында убактылуу кармоочу жайда турат. Азырынча бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG