Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Ош шаарынын борбордук кичи райондору эки күндөн бери жарыксыз калды


Мындай кабарды Кыргызстандын түштүк башкалаасынын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков таратты. Анын билдирүүcүнө караганда, электр кубатын ашыкча пайдалангандар көбөйгөндүктөн, транформаторго күч келип, күйүп кеткен. Аны адистер качан оңдошот, айтуу кыйын. «Эл ук» бейөкмөт уюм башчысы Басира Сулайманова «Трансформатор – жөн эле шылтоо, эл тагдырына мындай кайдыгер мамиле социалдык жарылууну гана эртелетет» деп кыжаалат. (ATo)

XS
SM
MD
LG