Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Алиев монарх болгону калды


Азербайжанда конституциялык сот негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдоду. Эми өлкөдө референдум өткөрүлөт. Конституциялык түзөтүүлөр арасында бир адамдын эки мөөнөттөн ашык президент болушуна тыюу салган чектөөнү алып салуу сунушу бар.

Конституцияны өзгөртүүгө башкаруучу “Ени Азербайжан” партиясы демилгечи болду. Партиянын идеологдору мамлекет башчысынын мандатын эки мөөнөт деп аныктаган норма элдин эркин чектейт, мыкты лидерин каалаганча президент кылып шайлоо укугунан ажыратат, мунун өзү демократиянын түпкү насилине каршы келет деп эсептешет. Ошол себептен алар Азербайжанды анык демократиянын жолуна салуу үчүн негизги мыйзамдагы аталган жобону алып салуу идеясын өткөн аптада парламентке салып, басымдуу көпчүлүк депутаттардын колдоосун алган эле. Маселе конституциялык соттун макулдугунда калган болчу.

Шаршемби күнү конституциялык сот өз бүтүмүн чыгарды. Соттун төрагасы Фархад Абдуллаев бу маселе боюнча референдум өткөрүү мыйзамдуу болорун, парламент сунуш кылган өзгөртүүлөр элдин эркине жана Конституцияга каршы келбей турганын ырастады.

Оппозиция буга кескин каршылыгын билдирип, анын он беш чакты мүчөсү сот имараты алдына митингге чогулушту. Монархияны айыптап, республикалап ураан чакырган оппозиция мүчөлөрүн көп өтпөй полиция кууп таркатты, тогуз кишини кармап кетти.

Оппозициядагы Элдик фронт кыймылынын лидери Али Керимли бийлик сунуш кылган конституциялык түзөтүүлөр референдумда баары бир кабыл алына турганына ишенет. “Мурдагы шайлоонун баары бурмаланды, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары өкмөттүн контролдугунда турат, бул жолку референдум да бурмаланат”,- деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына.

Укук профессору Эркин Гадирли конституцияга сунуш кылынып жаткан түзөтүүлөр республикалык түзүлүшкө түп тамырынан бери каршы келет, эгер президенттин мөөнөтү чектелбесе, анда мунун арты монархия сыяктанган түзүлүшкө алып келет деп эсептейт.

Саясий эксперт Илгар Маммадов ушу тушта эл арасында нааразылык маанай абдан эле күчтүү экенин белгиледи. “Бирок буга карабастан сунуш кылынган түзөтүүлөргө калк каяша сөзүн ачык айта албайт, айткан күндө да андан эчтеме чыкпайт”-дейт ал.

XS
SM
MD
LG