Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Шайлоо мыйзамы: бармак басты, көз кысты...


Парламент депутаттары шайлоонун акыйкаттыгын камсыздоочу бармакка сыя басууну алып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алды. Алардын белгилөөсү боюнча мындай ыкма өзүн актаган жок. Укук коргоочулар жана демократиянын тарапкерлери болсо буга каршы чыгып жатышат.

Добуш берүү участокторунда шайлоочулардын бармагына сыя басууну алып салуу “Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорунда сунушталган. Бир катар депутаттардын айтуусунда добуш берүүчүлөрдүн бармагына сыя басуу менен шайлоонун адилеттигин камсыздоо аракети өзүн актаган жок. Депутат Динара Молдошеванын айтуусунда бармакка сыя басуу – бүгүнкү күндө шайлоонун акыйкаттыгын камсыздап жатат деп айтуу кыйын.

Шайлоочунун бармагына сыя басуу шайлоонун акыйкаттыгын камсыздоо максатында бир нече жыл мурда эл аралык Шайлоо системаларынын фонду аркылуу киргизилип, аталган фонд тарабынан Кыргызстанга 300 миң долларлык жабдыктар апкелинген. Мындан тышкары дал ушул бармакка сыя басууну ишке ашыруу үчүн өткөн жылкы шайлоолордо мамлекеттик бюджеттен 4 млн сом каражат бөлүнгөн. Депутаттардын айтуусунда бул элдин акчасын жөн гана көккө сапыруу менен барабар.

Бармакка сыя басууну алып салууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да макул. БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун “Азаттыкка” белгилөөсү боюнча Кыргызстанда шайлоолор аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялуу өтөт, ошондуктан мындай ыкманын зарылчылыгы жок:

-Биздин шайлоо системабыз КМШ мамлекеттеринин арасында шайлоонун демократиялуу өтүшү боюнча алдыда турабыз.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп, “Ак жол” фракциясынан Динара Молдошева, Санжар Кадыралиев, Зайнидин Курманов, Социал-демократтар фракциясынан Асылбек Жээнбеков, Коммунисттер фракциясынан Исхак Масалиев эсептелет. Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун “Азаттыкка” айткан пикири боюнча бармакка сыя басуу шайлоо адилеттигин шарттай алган жок:

-Шайлоону бурмалоодо буга деле карабай өз билгенин жасап атышты, ошондуктан бармакка сыя чачуу добуш берүүнүн акыйкаттыгын шарттаган жок. Эгерде туура пайдаланса өз пайдасын көрсөтөт эле, кеп аны кандай пайдаланууда жатат.

Шайлоо адилеттигинин тарапкери, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бармакка сыя басууну алып салуу демократиядан кетенчиктөө менен барабар деп эсептейт. 2004-жылы бийликчил партиянын парламентке келишин шарттаган шайлоолор болгонун белгилеген укук коргоочу бул мыйзам долбоорун сунуштап жаткан парламенттин легитимдиги шектелип тургандыгын эскертет:

-Адилет шайлоо үчүн бармакка сыя басуунун пайдасы болду. Жок дегенде добуш берүүгө бир киши бир нече жолу кирбей калды. Байкоочулар байкап, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү киргизүүнү каалаган учурда, байкоочулар кармап, кандайдыр бир деңгээлде мыйзам бузууга бөгөт болду. Бирок дал ошол мыйзам бузгандар үчүн бармакка сыя басуу тоскоол болуп жатат.

Парламент сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда шайлоо күнүн дем алыштан иш күндөрүнүн бирине которуу да сунушталган. Депутаттардын айтуусунда дем алыш күндөрү адамдар эс алууга тийиш, добуш бердирүү менен алардын эс алуу укугунан ажыратуу туура эмес. Шайлоо күнү мамлекет башчынын жарлыгына же Жогорку Кеңештин атайын токтомуна ылайык иш эмес күнү деп жарыялануусу керек дешет алар.

“Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG