Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Жалал-Абат: Милиция уруп-сабаганы жөнүндө жарандардын арызы аныкталган жок


Облустун прокурорунун орунбасары Талант Аккозуев милиция кызматкерлерин жоопко тартууну өтүнүп, он бир айда прокуратурага алты арыз-даттануу түшкөндүгүн билдирди. Алар тартип сакчыларынан ыдык көрүп, кыйноолорго жана уруп-согууларга туш болушканына даттанышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган зордук-зомблуктар ырасталган жок. Аксы районунда бир аял зордукталганы тууралуу түшкөн үч арыз боюнча ошончо ирет текшерилди. Психиатриялык экспертиза аялдын акыл эси соо эместигин аныктады деп айтты Талант Аккозуев. Анын айтымында адам укугун коргоочу уюмдун басылмасында аныкталбаган окуялар тууралуу жазылат. Басылманын баш редактору макалалар жарандардын мыйзамсыздыктар тууралуу кайрылуусунун негизинде даярдалаарын, ал боюнча кааласа прокурордун орунбасары да өз пикирин жарыялоого укуктуу экендигин билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG