Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Нарында кайтып келген эмгек мигранттарды ишке орноштуруу боюнча аракет жок


Нарын шаарындагы «Занятость» коомдук бирикмесине октябрь айынан бери чет өлкөдөн кайтып келген 52 эмгек мигранты кайрылган. Алардын арасынан төртөө жумуш менен камсыз болгон. Бирок өлкөдөн сыртка кеткендердин арасында дале баш-аламандык орун алууда. Элеттик жаштар «миграция» деген сөздү түшүнбөстөн сыртка карай агылууда. Мерчемдүү убакыттан кийин кайтып келгендер медициналык текшерүүдөн өтүшпөйт. Мындай маалыматтар «Занятость» коомдук бирикмесинин маалымат кеңеш берүү борборунда бүгүн болуп өткөн «ашык эшиктер» күнүндөгү жыйында белгиленди. Коомдук бирикменин лидери Бейшенбек Турсунбаев кайтып келген мигранттардын он бири текшерүүдөн өткөндө экөөсүнөн сарык оорусу аныкталгандыгын билдирди. Натыйжада жыйындын катышуучулары сырттан келгендер тууралуу мамлекеттик программа кабыл алуу жана тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү керек деген жыйынтыкка келишти. (KUs)

XS
SM
MD
LG