Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

«Жаңы Кыргызстан» партиясы Баткенде ишмердигин токтотту


25-ноябрда «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн кезексиз жыйыны өтүп, ага партиянын 50 мүчөсү катышты. Конференцияда облустук төрага Алтынбек Мисиралиев: - биз башынан президентти колдгонбуз жана мындан ары да колдой бермекчибиз. Ошондуктан, партиянын областтык бөлүмүнүн ишмердигин токтотуп, «Ак жол» партиясына 14 миң мүчөбүз менен кошулууну туура көрдүк,- -деди. Добушка сала келгенде партиянын ишмердигин токтотуу сунушу өтүп, «Ак жол» партиясына кошулуу маселеси колдоо таппай калды. Бул маселе «Ак жолдун» өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кайрадан каралмакчы болду. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG