Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

БУУнун бюджети көбөйтүлөт


БУУга мүчө өлкөлөр уюмдун эки жылдык бюджетин дээрлик 700 миллион долларга көбөйтүүгө макул болушту. Башкы ассамблея кечээ мындай чечимди БУУнун 27, анын ичинде Ирак менен Ооганстандагы миссияларын кармоого кеткен чыгымдын көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алды. Эми уюмдун алдыдагы эки жылкы бюджети 4, 86 миллиард долларды түзөт. 192 өлкөнүн мүчөлүк акыларынан турган жаңы бюджет БУУнун тынчтыкты сактоо операцияларына кеткен чыгымды камтыбайт. Ал өзүнчө каржыланат.

XS
SM
MD
LG