Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Бирдиктүү элдик кыймыл 27-декабрда алгачкы жыйынын өткөрөт


Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, анда кыймылга кирген партиялар менен кыймылдар Улуттук кеңештин мүчөлүгүнө сунуштаган талапкерлер талкууланып, кеңештин курамы түзүлөт. Андан тышкары уюштуруу маселелери каралып, туруктуу иштей турган катчылык жана кеңсе маселеси чечилет. Кыймыл лидерлери ошондой эле кыймылга кошулам деген саясий партиялар менен жарандарды кабыл алуу маселесин талкуулайт. Азимбек Бекназаровдун айтымында, каалоочулар абдан көп болууда, бирок аларды кабыл алган менен олуттуу маселе чечкенде кандай көз карашта болору баарынан маанилүү.(BD)

XS
SM
MD
LG