Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Орус өкмөтүнүн “Жигулини” таңууламай саясаты


Россиядагы финансылык кризис автоөнөржайына да жетти. 22-декабрда өлкөнүн эң чоң автомобиль жасоочу компаниясы-АвтоВАЗ тетиктерди камсыздоо үзүгүлтүккө учураганга байланыштуу өндүрүштү убактылуу токтотту. Бир апта илгери четөлкөлүк жеңил машинелерден алынчу бажы төлөмү көбөйтүлгөндөн улам Россиянын бир катар шаарларында нааразылык чаралар өткөн эле. Автоөнөржайдагы кризиске каршы өкмөт кандай күрөшүүдө? Андан майнап чыгабы?

Россияга тыштан алып келинчү жеңил машинелер үчүн төлөнчү бажы салыгы 11-январдан жогорулайт. Ошондо, бир жылдан үч жылга чейинки эски автоунаага төлөнчү салык 25-30 процентке, үч-беш жылдык автоунаа үчүн 25-35 процентке кымбаттайт.

Импорттук автомобилден алынчу төлөмдөрдүн жогорулоосуна каршы Казанда, Белгороддо, Түштүк Сахалинде, Екатеринбургда, Москвада жана башка жерлерде нааразылык жүрүштөрү өттү. Владивосток шаарында демонстрациянын катышуучуларын Москвадан жана Дагестандан шашылыш жөнөтүлгөн ОМОНдун жигиттери ур-токмокко алып, айрымдар камакка алынды.

Россиялык автоунаа ээлеринин «Тандоо эркиндиги» уюмунун башчысы Вячеслав Лисаковдун айтышынча, жаңы чара баарынан да Ыраакы Чыгыштын элине катуу тийди:

- Ыраакы Чыгыш автобизнеске көзкаранды болгондуктан, жаңы чарага регионго катуу таасир этти. Себеби соода токтоп, адамдар ишин жоготту жана үй-бүлөсүн бага албай калды.

Кыргызстандыктар да 1-январдан тартып, четэлден келген автоунаа үчүн мурдакыдан кеминде алты эсе көп төлөй башташат. Натыйжада, буга дейре 360 долларга мыйзамдаштырылган автоунаа үчүн эми бери дегенде 2 миң доллар төлөнөт.

Серепчилердин байкашынча, Россияда 2004-2005-жылдары социалдык жеңилдиктерди акча төлөмүнө өткөргөндөн бери азыр айтылгандай көп эл катышкан нараазылык акциялары боло элек болчу.

Ырасмий бийликтер өкмөттүн кадамына нааразы болуп көчөгө чыккан адамдарды күчкө салып тыйгандан башка да алып сатарлык кылып пайда көргөн шумпайлар жана бузукулар деп атады.

Премьер-министр Владимир Путин Ыраакы чыгыштыктар ата мекендик «Жигулуни» сатып алайын десе кымбат болуп жатканын айтты. Путиндин ишаарасы менен, улуттук автоөнөржайды коргоо чарасы да кабыл алынды: «Жигулини» Ыраакы Чыгышка ташууга кеткен чыгымды эки жылга өкмөт төлөмөк болду. Ошондой эле орточо 12,5 миң доллардан арзан жеңил машине кредитке сатып алынса, анын акысынын сегиз процентин өкмөт өз мойнуна алды. Бул кардар банктан автомобиль үчүн алган карыздын баасы 12 процент болот дегенди билдирет.

Техникалык сапаты япон жана Батыш автомобилдерине тең келе албаган «Жигулиге» элдин кызыгы жок болгондуктан, өкмөттүн улуттук автожасоочуларды колдоо аракетинен майнап чыкпайт деген пикирин айтты «Азаттыкка» Вячеслав Лисаков:

- Ыраакы Чыгыш федералдык округунун калкына «Жигулинин» жолу бекер болмок түгүл, бекер берсе да, андай машинени кыпындай кереги жок.

Бажы салыгынын жогорулоосу жана рублдун арзандашы, Швейцариянын UBS банкынын талдоочусу Илья Макаровдун боолгошунча, автомобилдердин кымбатташына алып барат.

XS
SM
MD
LG