Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Бишкекте социологдордун кезектеги жыйыны өттү. Анда Кыргызстанда социологдор ассоциациясын түзүү маселеси каралды. Аталган маселенин чоо жайы белгилүү социолог окумуштуу Кусейин Исаевдин “Азаттыктагы” маегинде айтылат.

- Кечээ Бишкекте социологдордун жыйыны өттү. Анда өлкөдөгү 60ка жакын социологдор Кыргызстанда социологдор ассоциациясын түзүү маселесин карашыптыр. Ушул иш чаралар тууралуу токтоло кетсеңиз?

- Биз социологдор Кыргызстанда бир топтон бери эле сапаттык жана сандык жактан өсүп калдык. Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы социологдорду карап көрчү болсок, илимдин докторлору, кандидаттары ар бир жогорку окуу жайларында болуп, республиканын руханий, маданий өнүгүшүндө бир топ салымдарды кошуп жатышат.

Мына ошол маселелердин баарын социологдор чогулуп, социологиянын акыбалы, эртеңки келечеги жөнүндө маселелерди карап, кантип, кандай жолдор менен социология элибизге, мамлекетибизге жардамдашат деген маселелер жөнүндө ачык сүйлөшүлдү.

Жалпы дүйнөлүк салт боюнча жана ошондой эле жаңы пайда болгон мамлекеттерде дагы социология илим катары негизинен жогорку окуу жайларында өнүгөт. Биз Кыргызстанды алып карап көрө турган болсок, Кыргызстанда акыркы жылдары эле бир топ көзгө көрүнөрлүк окуялар болду.

Мисалы, Кыргыз Республикасында жаңы уюшулган Башкаруу академиясында профессор Айнура Элебаева, Арабаев атындагы мамлекеттик университетте профессор Амирдинов Маиранын жетекчилиги менен, Ош мамлекеттик университетте, Ош технологиялык университетинде, Каракол мамлекеттик университетинде Боконтаева Жаңыл жана "Манас" кыргыз-түрк университетинде социология илим катары дагы, сабак, кесип катары дагы баардык жагынан өнүгүп жатканын байкадык.

- Кечээки жыйында ошондой эле социологдор илимий комитеттерди бекитип, дүйнөлүк социологдор ассоциациясына мүчөлүккө өтүү демилгеси көтөрүлүптүр. Ушул тууралуу да айта кетсеңиз.

- Бирок ошол эле учурда биздин жогорку окуу жайлардын туусу болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргызстан улуттук университетинде жана Кусейин Карасаев атындагы гуманитардык университетте бүгүн социологиянын акыбалы өтө ыйлай турган деңгээлде экенин өтө кайгыруу менен белгиледик. Бул жерде иштеген социологдор өзүнүн көкүрөгүн койгулап жүргөндөрдөн намыскөйсүздүгүн жана илим жөнүндө күрөшүүнүн ордуна майда-чүйдө кыжы-кужу менен алек болуп атышат.

Келерки жылы биринчиси дүйнөлүк түрк тилдүү социологдордун конгресси болуш керек. Ошол конгрессте жалпы илимий тема катары ааламдашуу жана түрк дүйнөсү деген илимий маселе каралмакчы. Анда негизинен 4 илимий маселеге көңүл бурулат.

Биринчиси, ааламдашуу шартында түрк дүйнөсүндөгү цивилизациялык өзгөрүүлөр. Экинчиси, түрктөрдүн бири-бирин улуттук, мамлекеттик, жарандык, социалдык жактан таануу, орусча иденттешүү деп жүрөбүз.

Үчүнчү жергиликтүү өзүнчө башкаруу, жарандык коом, маданият маселелери. Төртүнчү - түрк дүйнөсү социалдык бүтүмдүк катары келечеги жөнүндөгү маселелерди илимий талкуулоо үчүн изилдөө жүргүзөлү деп макулдаштык.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG