Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Кытай деңиз каракчыларына каршы күрөшүү үчүн Сомалинин жээгине аскерий кемелерин жөнөттү. Бул Кытайдын деңиз күчтөрүнүн XV-кылымдан бери биринчи жолу өлкөдөн алыс жактарга аскерий вазийпа менен чыгышы. Кытай деңиз аскерлерин Аден булуңунда шоокум салган каракчыларгарга каршы операцияга катышуусу Бээжиндин дүйнөлүк коопсуздуктагы таасиринин өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

Кытайдын деңиз күчтөрүнүн «Санья» базасынан чыккан үч кеме Аден булуңундагы деңиз каракчыларына каршы куралган эларалык коалицияга кошулат.

Эки эсминец жана бир жандоочу кемеде, өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, миңдей аскер бар.Миссиянын командири, контр-адмирал Ду Цянчендин сөзүнчө, алар үч айга болжолдонгон жүрүш маалында жүк тарткан кемелерди каракчылардан коргойт:

-Биз каракчылык болгон суулар же аймактардагы жүк тарткан кемелерди коштоп жүрөбүз. Өтө маанилүү товарларды ташыган кемелерди түздөн түз күзөтөбүз.

Кытайдын деңиз күчтөрү каракчыларга тийиштүү деп шектелген кеме-кайыктарды текшерип, чабуулга кабылган кемелерди коргоого алары да маалымдалды.

Азыр Сомалинин жээгинде АКШ, Британия, Германия, Индия, Россия жана башка өлкөлөрдүн аскердик кемелери черүүдө жүрөт.

Эларалык деңиз агенттигинин маалыматы боюнча, өтүп бараткан жылы сомалилик каракчылар дениз булуңунда 100дөй кемеге чабуул жасашкан. Бул 2007-жылдагыга караганда эки эсеге көп. Деңиз каракчылары мыкты техника менен жабдылып, жакшы куралданган. Алар үч жыл мурда америкалык, австралиялык жана европалык 150 жүргүнчүнү тарткан кемени гранта аткычтар менен аткылаган.

Демейде каракчылар, «Файненшл Таймс» гезитинин жазышынча, барымтага алынган кемелер үчүн 2 миллион доллар сурашчу. Бирок ноябрда барымтага алынган мунай ташычу «Сириус Стар» кемеси үчүн «ал-Шабааб» исламчыл тобу 25 миллион доллар талап кылган.

Деңиз каракчылыгын күчөшү кемелерди жана алар ташыган жүктү камсыздоонун баасынын кескин өсүшүнө жана Суец каналына өткөн кемелердин азайышына алып барды.

Эзели Бээжин бөтөн өлкөлөрдүн ички иөине кийлигишпөө доктринасын карманып, өз аскерлерин өлкөдөн алыс жөнөтпөйт. Бирок, акыркы мезгилде Кытайлык күчтөр дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү тынчтыкты камсыздоо операцияларына активдүү катыша баштады.
Ошон үчүн Афтриканын Түндүк Чыгыш жээгине кытайлык кемелердин XV-кылымдан бери биринчи жолу жөнөтүлүшүн- «Бээжиндин коопсуздук консепциясындагы бурулуш учур» деп мүнөздөдү Кытайдын эларалык байланыштар институнун террорчулукка каршы күрөшүү борборунун башчысы Ли Вей.
XS
SM
MD
LG