Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Жалал-Абатта «Жаңы Кыргызстан» партиясы Исмаил Исаковдун партиянын баш катчылыктан четтетилгенин колдоого алды


Облустагы координатор Ашым Чатаев Исмаил Исаковду баш катчылыктан четтеткен борбордук уюмдун чечимин партиянын облустагы уюму кубаттаарын билдирди. Анын айтымында Исаковдун жетекчиликке келиши менен уюмда карама-каршылыктар жана түшүнбөөчүлүктөр болду. Партия президент К.Бакиевдин саясатын колдоп, анын бийликке жетүүсүнө шарттарды түзгөн. Исаков партиянын атына жамынуу менен жеке кызыкчылыгы үчүн партиянын саясатынан тескери иш жасоодо. Ал саясий кеңеш менен макулдашпай өз көз карашын партиянын атынан таңуулап, «Жаңы Кыргызстандын» беделин түшүрүүдө-деп айтылат бүгүн таркатылган билдирүүдө. Кечээ Исмаил Исаков партиянын түзүүчүсү Үсөн Сыдыков баш катчылыктан өз чечими менен четтете албай тургандыгын билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG