Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү жарым эсеге азайтты


Өзбекстан мындай кадамга Тажикстан газ боюнча 10 миллион доллардык карызын төлөй албай жатканы үчүн барган. Мамлекеттик "Тажикгаз" ишканасынын билдиргенине караганда, ал азыр күнүнө эки миллиондун ордуна бир миллион кубометр газ алууда. Өзбекстан келерки жылга Тажикстанга да газ баасын эки эсе көтөрүп, быйылкыдай 1000 кубометрин 145 эмес, 300 доллардан сатып алууну сунуш кылууда. Тажикстан азыркы каржы кризисинин шартында бул баа өтө эле жогору экенин айтып, каршылык билдирген. Ал көгүлтүр оттун 95%ын Өзбекстандан алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG